
Жакында Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоочулар менен жолугушуп, аймактардагы көйгөйлөр менен таанышып келишти. Биз Таалайбек мырза менен байланышып, айрым соболдорубузга жооп алдык.
— Таалайбек мырза, аймактарды кыдырып келдиңиз. Алыскы аймак тургундары негизги көйгөй катары сиздерге кайсыл маселени кабыргасынан коюшту?
— Ооба, депутаттар жержерлерде элден кабар алып, шайлоочулар менен жолугушту. Мен да Ош шаарында шайлоочуларым менен жолугуштум. Кичи райондо окуу борборунун, ФАП, мечиттин ачылышына катыштык. Элдин суроо-талаптарын уктук. Эми көйгөйлөр ар кайсы аймакта ар кандай да. Маселен, Ош шаарында жол, суу маселелери. Бул көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүнөн учурда жергиликтүү бийлик иштеп жатат. Убагында мен да Ош шаарын 3 жыл башкарып турдум. Колдон келишинче, жергиликтүү казынанын жетишинче иштерди жасаганбыз. Бир канча жолдорду асфальттап, эс алуу бактарын, бала бакчаларды куруп, дагы бир топ иштерди аткарган элек. Азыр да элдин үнүн жогорку бийликке жеткирип, тиешелүү министрликтерден маселенин кандай чечилип жатканын сурап, көзөмөл кылып турабыз.
— Парламенттин, өкмөттүн ишмердүүлүгүнө элдин баасын уга алдыңызбы?..
— Мындай маселелер социалдык түйүндөрдө айтылып турат. Демократиялуу өлкөдө бул жагы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Жолугушууда эл өкүлдөрүнүн же өкмөттүн ишине баа берип, кандайдыр бир нааразычылыктар айтылган жок. Негизи азыр аракеттер жакшы болуп жатат. Президентибиз бардык тармакта көзөмөлдү күчөтүп, иштер алдыга жылып жатат.
— Бишкек шаарынын мэрин калаа тургундары шайлаш керектиги тууралуу пикирге, борборду 10 күн болсо да башкарган жетекчи катары көз-карашыңыз кандай?..
— Учурда “баш калаа мэрин эл шайласын” деген мыйзам долбоору парламенттин комитеттеринде карала баштады. Мыйзам кабыл алынышына карап иш жүзүнө ашат. Бирок, борбор калаанын мэрин эл шайлаганы деле бир четинен туура. Анткени, шаардыктар көзү жеткен, үмүт кылган, борбор калааны оңдой алат деген талапкерди мэр кылып алгандары туура. Башка өнүккөн өлкөлөрдө деле мэрди эл шайлайт. Эми ар бир маселенин эки тарабын караш керек. Азыр Кыргызстанда өтө эле саясатташып, шайлоодон шайлоого жүрүп калдык.
— Ротациянын эпкини менен дайындалган аким, губернаторлордун иши жыйынтык берип жатабы? Сиз дал ушул аким, губернатор институтунун шинелинен чыккан чиновник эмессизби. Ушул маселенин өңүтүнөн алып сураганым го…
— Бул туура суроо. Өткөндө Президент ротация жолу менен дайындалган бир канча райондун акимдерин, алардын орун басарларын алмаштырды. Бул алардын ишине жараша болду. Кээ бир райондордо ротацияланган акимдер жакшы иштеп жатат. Мисалы, биздин Алай районунун акими, Ош шаарынын мэри бир топ аракеттерди жасап жатышат. Аз да болсо иштер болуп жатат дегендей. Бир жакшы жери, башка аймакка барып иш баштасаң, жоопкерчилик эки эсе болот. Ротация саясаты туура. Кыргызстаныбыз кичинекей өлкө эмеспи.
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
№28 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 7-апрели