Таэквондо ITF боюнча курама команда Дүйнө биринчилигинде 6 медаль жеңди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалым болгондой, таэквондо ITF боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү 29-31-июль күндөрү Амстердам шаарында (Нидерланды) өткөн дүйнө чемпионатынан жалпы 6 медаль менен кайтышты. Анын 2 алтын, 4 күмүш.
12-13 жаштагылар арасында, 45 килограмм салмак даражада Диана Ким жана 14-17 жаштар арасындагы 60 килограмм салмакта Искак Аскарбеков 1-орунду ээлешти.
Өспүрүмдөр арасында 50 килограмм салмак даражада Владимир Хегай күмүш медаль, ал эми чоңдор арасында Айканым Асаналиева (50 кг), Алтынай Рыскулова (55 кг) жана эркектер арасында Артем Прибытков (76 кг) күмүш медалдын ээлери болушту.