AP News маалымат агенттиги билдиргендей, бүгүн, 7-июль күнү, Тайванда «Данас» тайфуну болуп, анын кесепетинен 2 адам каза таап, 300дөн ашык адам ар кандай жаракат алды. Ошондой эле аталган тайфун электр жарыгынын өчүшүнө, инфраструктуранын бузулушуна жана миңдеген адамдардын эвакуацияланышына себеп болду.
Тайвандагы Чияй шаарында көчөлөр суу алдында калып, бак-дарактар кулап, бир адам каза болуп, дагы 58 адам жаракат алды. Дагы бир бейтап электр жарыгы өчкөндө медициналык жабдуунун иштебей калышынан улам көз жумду. Жалпысынан арал боюнча 580 миңден ашуун үй жарыксыз калды.
Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар кызматы калкты коопсуз жайларда болууга жана расмий эскертүүлөрдү так аткарууга чакырууда.
Учурда жабыркаган аймактарда тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.