"Эркин-Тоо"

Тайырбек Жумашбек уулу Азия чемпионатынын финалына чыкты

Кыргызстандын эркин күрөш курама командасынын мүчөсү Тайырбек Жумашбек уулу Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Кыргызстандык балбан 61 кг салмак категориясында турнирдин экинчи айлампасынан тартып катышууда. Алгач 1/8 финалда Түндүк Кореялык атаандашы Кум Чол Рини 5:0 эсебинде жеңип, 1/4 финалга чыккан.

Жарым финалда ал ирандык Резу Атринаргхарчи 11:7 эсебинде артка калтырып, турнирдин финалына чыкты.

Белгилей кетсек, турнирдин биринчи күнүндө кыргызстандык балбандар Улукбек Жолдошбеков (65 кг) менен Алибек Осмонов (70 кг) коло медаль утушкан.

Эске салсак,  “Бишкек Арена” муз аянтчасында спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионаты өтүүдө.

  • 11-12-апрель күндөрү эркин күрөш,
  • 13-14-апрель кыз-келиндер арасында,
  • 15-16-апрель грек-рим күрөшү боюнча беттештер орун алат.