"Эркин-Тоо"

Такси кызматы үчүн лицензия алынабы? Баасы канча?

Кыргызстанда айдоочуларды такси айдап, унаасы менен жүргүнчү ташуу жана жеткирүү кызматын көрсөтүүгө атайын уруксат кагазын алууга милдеттендирген мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралууда. Парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 10-декабрдагы жыйынында «Лизенция-уруксат берүү системасы тууралуу» мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.  Ага ылайык, жаңы жылдан тарта такси жана жеткирүү кызматын көрсөтүү үчүн патент алуу системасы токтоп, лицензия алууга милдеттендирилет.

Комитет отурумунда ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов берген маалыматка караганда, лицензия бир жылга берилет, орточо баасы 500 сом. Министрдин орун басары бул сумма такси акысынын кымбатташына алып келбейт деген ишеничин билдирди.
Лицензия алуу үчүн айдоочулардын ар бири менен келишим түзүлөт. Ошондой эле такспарктар менен да келишим түзүлөт.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!