"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Таксисттер жана курьерлер салык төлөй баштайт

Салык системасында калк үчүн ыңгайлуу жагдай-шарттар түзүлүүдө. Жыл башында ККМ, ЭТТН деген сыяктуу кошумча түйшүктөр жоюлуп, ишкерлер чоң көйгөйдөн кутулган. 1-сентябрдан тартып таксисттер жана курьерлер үчүн санариптик платформа киргизилгени турат. Дегенибиз, санариптик платформалар (агрегаторлор) алардын маалыматтык системаларын колдонгон жеке жактар үчүн киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөй баштайт.

Ведомстводон маалымдашкандай, салык мыйзамдарына ылайык, көрсөтүлгөн күндөн тартып агрегаторлордун маалыматтык системаларын колдонгон таксомотордук ташуу жана жүк ташуучуларды курьердик жеткирүү жана башка ушул сыяктуу категорияларда иштеген жактар үчүн салык салуунун жаңы тартиби киргизилет. Бул ченем Яндекс Go, Glovo жана башка жеткирүү жана ташуу платформалары сыяктуу маалыматтык системаларды пайдалануу менен иш жүргүзгөн субъекттерге тиешелүү. Тактап айтсак, ал таксисттердин, курьерлердин, тамак-аш жеткирүүчүлөрдүн, жүк ташуучулардын жана башка ушул сыяктуу категорияда иштегендердин ишмердигин камтыйт.

Бул киргизилген системанын пайдасы чоң. Мындан ары жеке ишкерлерге такси же курьердик кызматтарга патент жана полис сатып алуу, жеке ишкер катары каттоодон өтүү, салыктарды өз алдынча эсептөө жана төлөө, ошондой эле салык отчетун берүү талап кылынбайт. Бардык салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелер салык агенти катары агрегатор тарабынан аткарылат.

Салык автоматтык түрдө жеке жактардын кирешесинин пайызы катары төмөнкү киреше салыгынын ставкалары боюнча эсептелип, 2025-жылдан 2028-жылга чейин – 1%, 2028-жылдан 2030-жылга чейин – 2%, 2030-жылдан тартып жана андан ары – 5% болот. Мисалы, 2025–2028-жылдар аралыгында ставка 1% ды түзөт. Айына 30 000 сом киреше түшсө, салык 300 сом болот. Бул учурда, агрегатор салыктын суммасын кармап калып, аны бюджетке которот, ал эми жеке жак салыкты өз алдынча эсептеп, төлөбөйт.

Эске сала кетсек, бул ченем салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүүгө, өз алдынча иштеген жарандарга административдик жүктү азайтууга, ошондой эле кирешелердин ачыктыгын камсыздоого багытталган.