1-июль күнү түнкү саат 03:00 чамасында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлүнүн суусу көбөйүп, Алмалуу жана Горная-Серафимовка (Кебек-Бий) айылдарынын ортосундагы унаа жолду каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу жана райондук эвакуация комиссиясы тарабынан Алмалуу айылынан 500, Кебек-Бий айылынан 240, ал эми Нижняя-Серафимовка айылындагы карылар үйүнөн 42 адам коопсуз жайга эвакуацияланды.
Эвакуация иштерине ӨКМден 21 кызматкер, 4 атайын техника, ИИМден 80 кызматкер, 15 ыкчам унаа, 8 тез жардам, 7 кичи автобус жана жеке жеңил унаалар тартылды. Карылар үйүндөгү жарандар атайын тез жардам унаалары менен көчүрүлдү.
Такыр-Төр көлүнүн абалы Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин көзөмөлүндө турат.

