Жогорку Кеңештин жыйынында санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна сунушталган Талант Имановдун талапкерлиги каралды.
Сунушталган талапкерди Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.
Талант Имановдун талапкерлигине 53 депутат «макул», үчөө «каршы» деген добуш беришти.
Жыйынтыгында Санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна сунушталган Иманов Талант Орускуловичтин талапкерлигине макулдук берүү тууралуу токтом долбоору кабыл алынды.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган министрликти Дастан Догоев жетектеп келген.