"Эркин-Тоо"

Талант Мамытов Валентина Шевченкону жеңиши менен куттуктады

Кечээ, 17-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов UFC версиясындагы аралаш мушташ боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга спортчунун энеси Елена Шевченко, машыктыруучусу Павел Федотов, Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр-таймаш федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев жана вице-президенти Эмиль Токтогонов катышты.

Төрага Талант Мамытов Валентина Шевченкону акыркы ийгиликтери менен куттуктап, спорт аркылуу Кыргызстанды таанытып келе жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Ар бир жеңишиңиз биз үчүн сыймык. Айрыкча жаш спортчулар сизден үлгү алып, өлкөсүн даңазалоого шыктангандыгы бизди кубандырат”, – деди. Ошондой эле спортчуга төраганын энчилүү саатын тапшырды.

Муну менен катар төрага спорт чеберинин энеси Елена Шевченко менен машыктыруучусу Павел Федотовго да ийгиликтерди каалап: “Сиздер дайыма кыргыздын сыймыгы болгон кыздарыбызды ар тараптуу колдоп, алардын жеңиштерге карай умтулуусуна түрткү берип келесиздер”, – деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, Валентина Шевченко чемпиондук наамын жети жолу коргоп, UFC уюмундагы кыз-келиндер арасында рекорд койгон жалгыз спортчу болуп эсептелет.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!