"Эркин-Тоо"

Талантбек Бекташов мектептердин күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышты

Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Талантбек Бекташов Кочкор, Ат-Башы, Ысык-Көл, Түп, Жети-Өгүз райондорундагы жана Каракол шаарындагы мектептерге иш сапар менен барып келди. Бул туурасында аталган министрликтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал сапардын жүрүшүндө аймактардагы авариялык мектептер, билим берүү мекемелериндеги күз-кыш мезгилине даярдык иштери менен жеринен таанышып, тиешелүү тапшырмаларды берди.

Талантбек Бекташов иш сапарынын алкагында Нарын шаарынын вице-мэри жана президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары менен жолугуп, мектеп, бала бакчалардагы материалдык-техникалык базаны жакшыртуу маселелерин талкуулады.

Мындан сырткары биринчи орун басар Нарын жана Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!