"Эркин-Тоо"

Таланттуу илимпоз жана баба дыйкан Кулия Азыков

Кыргызстандын дыйканчылык илим-изилдөө тармагындагы жетишкендиктер Кулия Казакбаевич Азыковдун ысымы менен ажырагсы байланышта. Фрунзе шаарына жакын жердеги эки чакан тажрыйба станциясынын кудуреттүү материалдык базасы бар, потенциалы арбын илимий-өндүрүштүк бирикмеге, кирешелүү ири чарбага айланышы да ушул окумуштуунун ишмердүүлүгүнүн жана ал жетектеген жамааттын эмгегинин натыйжасы.

Кулия Азыков 1963-жылдан тартып 1979-жылга чейин “Институт земледелия” Илимий-өндүрүштүк бирикмесин башкарган. Ал башкарган жылдардагы Институттун ири жетишкендиктери, ондогон илимий табылгалар менен кубаттуу чарбалык потенциал, тарбияланган мыкты кадрлар өзүнөн өзү жаралбаганы түшүнүктүү.

Кулия Азыков 1911-жылы Кочкор районунун Талаа-Булак айылында туулган. Билимге умтулуусу күч улан Фрунзедеги айыл чарба техникуму менен чектелбей, Орто Азия экономикалык институтунда билим алып, Орто Азия мамлекеттик пландоо экономикалык изилдөөлөр институтуна илимий кызматкерлик ишти аркалайт. 1939-жылы ноябрда Кызыл Армиянын катарына чакырылып, 1945-жылы декабрда Кыргызстанга кайтып келет.  1956-жылы дан эгиндери боюнча Мамлекеттик селекциялык станциясы жана Республикалык жашылча-жемиш станциясы бириктирип, бир илим-изилдөө институт болуп уюштурулат. Министрлер советинин иш башкармалыгында, айыл чарба министринин орун басары, Ысык-Көл облусттук айыл чарба башкармалыгынын башчысы болуп иштеп, такшалган уюштуруучу жана өндүрүштү мыкты билген адис Кулия Азыков 1959-жылы Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институтуна которулат. 1960-жылы кандидаттык диссертациясын жактап, илимге биротоло баш коет. 1963-жылы дыйканчылык илим-изилдөө инстутунун директорлугуна дайындалат. Илим менен өндүрүштү туура айкалыштыруу илимди жаңы бийиктерге жетелеп, илимге негизделген өндүрүш натыйжалуу болоорун турмушта далилдегиси келген жаш жетекчи 1971-жылы Институттун алдында селекциялык борбор уюштурат. Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы селекциялык борбор айыл чарбасына керектүү жаңы сортторду сыноо менен чектелбестен, жаңы сортторду чыгарууга да белсенип киришет. 1975-жылы Институт Илимий-өндүрүштүк бирикме болуп кайра түзүлөт. Бирикменин курамына “Дыйканчылык илим-изилдөө институту”, Кызылча тажрыйба станциясы, Ош жана Ысык-Көл тажрыйба станциялары, Нарын жана Курганды таяныч пункттары, Эксперименталдык-тажрыйба чарбасы, СССРдин 50 жылдыгы атындагы совхоз жана Көк-Арт совхозу, 11 жемиш питомник совхоздору жана башка чарбалар кирген. Ошентип, Бирикменин генералдык директору Кулия Азыковдун жетекчилиги менен бир кездеги чакан институт Союздагы ири илимий-өндүрүштүк системага айланган.

Бирикме айыл чарба өсүмдүктөрүнүн улам жаңы сортторун чыгарып, колхоз-совхоздорду эгиндин, картофелдин, кызылчанын, жашылчанын, жогорку репродукциядагы үрөндөрү, жемиш бактарынын көчөттөрү менен камсыз кылып турган. Бирикме сугаттын алдыңкы ыкмаларын, жер семирткечтерди колдонуунун, жер иштетүүнүн механизациялаштырган методдорун, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден жана оорулардан коргоонун илимий эрежелерин жана практикалык жолдорун, кыскасы дыйканчылыктын прогрессивдүү технологияларын иштеп чыгуучу жана жайылтуучу борбор катары таанылат.

Бирикме ССРде гана эмес, чет мамлекеттерде белгилүү болгон. 1980-жылы К. Азыков жетектеген Илимий-өндүрүштүк көп тармактуу бирикме 140 миң гектар жер аянтын, 33 миң гектар айдоо аянтын, 2700 гектар жемиш багын жана жүзүмзарды иштетип, ондогон жаңы сортторду өстүрүп, түшүмдүүлүгү жогору сортторду сынактан өткөрүп, жергиликтүү шартта өстүрүүнүн ыкмаларын иштеп чыгып, чарбаларды жогорку сапаттагы үрөндөр менен камсыз кылып турган.

Сорттор демекчи, Бирикменин курамында дан эгиндеринин, жашылча-жемиштердин түрлөрү боюнча 26 илимий-изилдөө бөлүмдөрү жана лабораториялар болгон жана алар жаңы сортторду чыгаруу же башка жактарда өндүрүлгөн түшүмдүү сортторду Кыргызстандын ар кайсы райондорунун ар түрдүү шарттарына ылайыкташтыруу боюнча эң көп иштерди аткарган. К. Азыковдун көп тармактуу Бирикмеси жылыга арпа менен буудайдын 6 миң тонна элита үрөнүн, жүгөрүнүн 1,2 миң тонна жогроку репродукциядагы үрөнүн, 600 тонна картошканын үрөнүн, 26 миң тонна көп жылдык чөптүн, 2,1 миң тонна жашылчанын уругун, 2,5 миң жемиш көчөтүн өстүрүп, чарбаларды камсыз кылууга жетишкен.

Маселен, жүзүмчүлүк лабораториясы чет мамлекеттерде өсүүчү жүзүмдөрдүн сорттору райондоштурулуп, 18 жаңы сорту чыгарылган. Анын ичинен 6 сорт Кыргызстанда, 2 сорт Украинада ийгиликтүү өстүрүлгөн. Кайрак жерлерде жана суу баскан жерлерде жүзүмдү өстүрүүнүн агротехникалык эрежелери, жүзүмдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуунун жана сапатын жакшыртуунун технологиялык ыкмалары иштелип чыккан. Бирикменин илимий кызматкерлери жүзүмчүлүк боюнча эле 10 автордук күбөлүккө ээ болуп, 200 ашык илимий иши Бүткүл союздук мааниге ээ болгон.

Институтта жана анын тажрыйба станцияларында эмгектенген адистер, окумуштуулар дыйканчылыктын актуалдуу маселелери, агрономиянын жана өсүмдүктөрдү коргоонун эрежелери, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун өстүрүү жана райондоштуруу боюнча ири илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, албан ийгиликтерге жетишкен. Эл аралык масштабда таанымал окумуштуулар ушул институтта эмгектенген. А.К. Филипповский, А.И. Чернецов, Г.А. Кузьмин, Ж.А. Акималиев, И.Д. Корнев, Н.Г. Корнева, Н.М, Кузнецов сыяктуу даңазалуу илимпоздор К. Азыков жетектеген илимий-өндүрүштүк бирикменин гана эмес, бүткүл союздук агрардык илимдин сыймыгына айланган. Бирикменин илим-изилдөө институтунда 372 илимий кызматкер, илимдин 2 доктору, 80 кандидаты эмгектенген. Институтта 2 докторлук иш, 62 кандидаттык диссертация даярдалып, ийгиликтүү корголгон.

Таланттуу уюштуруучу К. Азыковдун бирикмеси дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүн арттыруунун ыкмаларын жакшыртуунун үстүндө талыкпай иштеген. Күздүк эгиндерди, кайрак жерлерде арпа, буудай, жүгөрү, кант кызылчасын өстүрүүнүн агротехникалык ыкмалары, сугат системасын оптималдуу колдонуунун методдору да ушул бирикменин окумуштууларынын жана жумушчуларынын үзүрлүү эмгегинин натыйжасы.

Буудайдын Бирикме чыгарган Ош Т-1, Киргизская 16, Киргизская Юбилейная, Киргизская 100, Эритроспермум 80, Интенсвиная сорттору, арпанын Нутанс 45, Нутанс 970, Нарын 27, ал эми жүгөрүнүн Чуйский 47, Чуйский 466, Чуйский 62 сорттору сапаты жана түшүмдүүлүгү жагынан эң жогорку баага ээ болуп, Кыргызстан эле эмес, башка республикалардагы дыйкандардын ыраазычылыгына арзыган.

Жемиш бактарын, айрыкча алма менен өрүктү зыянкечтерден коргоонун К. Азыков жетектеген илимий-өндүрүштүк бирикмесинин лабораторияларында жана жашылча-жемиш чарбаларында иштелип чыккан алдыңкы технологиялары ийгиликтүү сыноодон өтүп, Орто Азия жана Кавказ республикаларында кеңири колдонулган. Жүзүмдүн Бирикмеде өстүрүлгөн жаңы сорттору жана жүзүмзарларды иштетүүнүн мыкты ыкмалары Азербайжанда, Крым боюнда, Одессада өтө популярдуу болгон. Картошканын жаңы сорттору же башка жактардан алынган жаңы сортторду райондоштуруунун пргорессивдүү технологиясы Кыргызстанда гана эмес, СССРдин калган республикаларында жакшы колдонулган.

Бирикме үрөн жана көчөт менен камсыз кылуудан тышкары мамлекетке дан эгиндерин, кызылча, эт, сүт тапшырган ири чарба катары да даңазалуу. Бирикмеде 15 миңден ашык жылкы, 16 миңге чукул кара мал, 33 миң кой-эчки, 14 миң чочко багылган. Бирикме ар жылы 50 миллиондон сомдук айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө жетишип, жылдык таза кирешеси 6 миллион сомду түзгөн.

Таланттуу илимпоз жана мыкты өндүрүшчүл, сөздүн чыныгы маанисинде баба дыйкан Кулия Азыков жетектеген Илимий-өндүрүштүк бирикменин илимдеги жана дыйканчылыктагы жетишкендиктери СССРдин Кыргызстандын өкмөттүк жогорку сыйлыктарына татыган.  Бирикменин 2 кызматкери Социалисттик Эмгектин Баатыры наамына ээ болгон. Ондогон кызматкерлер жана илимпоздор ордендер жана медалдар менен сыйланган.

К. Азыков “За победу над Германией”, “20 лет победы в Великой отечественной войне”, “За трудовую доблесть” сыяктуу медалдар, үзүрлүү эмгеги жана илимий ишмердүүлүгү үчүн 2 ирет “Кызыл жылдыз” ордени (1951-ж.), “Ардак белгиси” ордени (1972-ж.) менен сыйланган.  “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген агроному” наамына татыган. К. Азыков СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

1991-жылы ВАСХНИЛ (Бүткүл союздук айыл чарба илимдер академиясынын) сунушу менен Фрунзе шаардык аткаруу комитети К. Азыковдун мемориалдык тактасын Кыргыз илимий-өндүрүштүк бирикмесининин имаратына орнотуу тууралуу чечимин кабыл алган.

Республиканын илимий коомчулугу, Дыйканчылык илим-изилдөө институтунун эмгек жамааты Кулия Азыковдун ысымын түбөлүккө калтыруу демилгесин билдирип келет.

Көрүнүктүү илимпоз, белгилүү агроном, илимдин жана өндүрүштүн мыкты уюштуруучсу, таланттуу жетекчи Кулия Казакбаевич Азыковдун ысымын өзү уюштурган, эмгектенген жана дээрлик 30 жыл башкарган Дыйканчылык илим-изилдөө институтуна ыйгаруу саясий, нравалык, тарыхый жана тарбиялык мааниге ээ чечим болмокчу.

Коомдук ишмер Кулматов Алмаз Окинович

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!