"Эркин-Тоо"
Кыргызстандын келечеги сенин колуңда! Эркин Тоо гезити

ТАЛАПКЕРДИН ТАГДЫРЫН ҮГҮТЧҮЛӨР ЭМЕС, ЭЛ ЧЕЧЕТ!

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрга дайындалып, мамлекет тарабынан аламан жарышка кызуу даярдык жүрүүдө. Коомчулукта шайлоо өнөктүгү боюнча талкуу күчөп, адамдар жыйналган жерлерде, социалдык түйүндөрдө депутаттыкка талапкерлигин койгон адамдар жана шайлоо системасы боюнча сөз болуп жатат. Бул көрүнүш бир жагынан элдин саясатка болгон активдүүлүгүн көрсөтсө, экинчиси биздин мекендештер мамлекеттин келечегине кайдыгер эместигин тастыктоодо.

Эл арасындагы талкуунун чордону Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон жаранга миңге чейин агитатор жалдоого уруксат берилгендигине байланып, өтө көп экени белгиленүүдө. Тагыраагы, “бир талапкер бир миңге чейин агитатор жалдаса болот” деген ченем парламентке жалаң бай, акчалуулардын келишине жол ачпайбы деп тынчсызданышууда. “Үйүндө 10 шайлоочусу бар миң үгүтчү жалдаса, 10 миң добуш дароо капчыгына түшүп калат” дегендер чыгууда. Айтор, кээ бири бул норма акчалуу талапкерлерге артыкчылык берип, парламентке жалаң акчалуулар келет дешсе, айрымдар талапкердин ийгилиги анын агитаторлорунун санына эмес, шайлоочулардын тандоосуна жараша чечилерин айтышууда. Маселен, өткөн парламенттик шайлоодо деле акча коротпой, аз сандагы үгүтчү менен элдин элегинен өтүп кеткендер болгону белгиленүүдө. Атап айтсак, Дастан Бекешов, Мирлан Самыйкожо, Эрулан Көкүлов сындуулар самандай сапырылган акчалуулар менен жарышып, ат чабым астында келгенине күбө болгонбуз. Кыскасы, талапкерлердин тагдырын үгүтчүлөр эмес, шайлоочулар чечкенине күбө болгонбуз. Мындан ары дагы ошондой болору шексиз.

Акыркы күндөрү шайлоо боюнча тынымсыз кайрылууларды жасап, шайлоону таза өткөрүү үчүн добушту сатпашыбыз керектигин улам баса белгилеп жаткан Мамлекет башчысы Садыр Жапаров миң үгүтчү боюнча дагы пикирин билдирип, жүйөлүү ойлорун ортого салды.

“Бул маселе боюнча мурдагы мыйзамда 500гө чейин үгүтчү алса болот деген ченем бар эле. Округдар чоңойгонуна байланыштуу депутаттар миң үгүтчүгө чейин деп көтөрүп коюшуптур. Мен деле миң үгүтчү көп деп ойлойм. Себеби, канча жолу шайлоолорго катышсам да бир округга мынча үгүтчү алган эмесмин. Азыркы шайлоого катышып жаткан талапкерлер деле мынча үгүтчү албаса керек. Эгер ушунча үгүтчү алган талапкер болсо, демек акчасы көп талапкер. Шайлабай коюш элдин колунда. Элге ошол үчүн кайра-кайра кайрылуу жасап жатам го, “добушуңду сатпа” деп. Албетте, бул кемчиликти кийинки шайлоодо оңдоп койсок болот. Бирок, экинчи жагынан алып караганда, миң үгүтчү деген маселеден трагедия кылыштын деле кереги жок. Себеби, 500 үгүтчү деп көрсөтүп койгон менен маселе чечилбейт деп ойлойм. 500 үгүтчүнү расмий түрдө алып, 500 үгүтчүнү оозеки сүйлөшүп алып иштетиши толук мүмкүн да. Далилдеш кыйын. Ошондуктан, дагы бир жолу кайталайм, ар бир талапкердин тагдыры үгүтчүлөрдүн колунда эмес, элдин колунда! Эгер эл колдобогон талапкер болсо миң эмес, эки миң үгүтчү жалдап алсаң да өтпөйсүң” деди Президент.

Тээ артка кылчайып, Өлкө жетекчисинин башынан өткөн бир мисалды келтире кетсек болот. Баарынын эсинде болсо керек, 2005-жылкы шайлоодо Садыр Жапаров ат салышкан округда 12 талапкер катышкан. Ал учурда бийликтин адамдары чогула калып оппозициялык талапкерлерге каршы иштөө кадимкидей көрүнүшкө айланган болчу. Ошол адат менен аттангандардын 11и биригип алып каршы иштешкен. Алардын катарында губернатор, кызматта турган аким, ошол мезгилдеги иштеп жаткан депутаттар, “бийликтин батасын алып келдик” деген бизнесмендер болгон. 200гө жетип-жетпеген эле үгүтчү менен Кудайдын колдоосу, элдин добушу менен өтүп кеткен. Бул мисал дагы тагдырды акчага жалданган үгүтчү чечпей турганын тастыктаган. Чынын айтыш керек, ондогон үгүтчү жалдап, жыйынтыгында ошол участоктон бир да добуш албай калган учурлар далай талапкердин башынан өткөн. Анткени, эл каалабаса акчаны башынан ылдый төксөң дагы эч ким добушун бербейт. Андыктан миң үгүтчүдөн корко турган нерсе жок. Президент айткандай, элдин жек көрүндүсүнө айлангандар миң эмес, эки миң үгүтчү жалдаса дагы өтпөйт.

Кечээки күнгө карата шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардын тизмеси 300гө жетти. Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясына №1 шайлоо округунан 16, №2 шайлоо округунан 5, №3 шайлоо округунан 11, №4 шайлоо округунан 8, №5 шайлоо округунан 3, №6 шайлоо округунан 2, №7 шайлоо округунан 5, №8 шайлоо округунан 6, №9 шайлоо округунан 3, №10 шайлоо округунан 9, №11 шайлоо округунан 2, №12 шайлоо округунан 7, №13 шайлоо округунан 7, №14 шайлоо округунан 10, №15 шайлоо округунан 6, №16 шайлоо округунан 5, №17 шайлоо округунан 7, №18 шайлоо округунан 5, №19 шайлоо округунан 9, №20 шайлоо округунан 9, №21 шайлоо округунан 5, №22 шайлоо округунан 6, №23 шайлоо округунан 11, №24 шайлоо округунан 6, №25 шайлоо округунан 3, №26 шайлоо округунан 4, №27 шайлоо округунан 8, №28 шайлоо округунан 7, №29 шайлоо округунан 6, №30 шайлоо округунан 7 талапкер ат салышууга арызын берди.

Аламан жарышка ат салышууга белсенгендердин арасында Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы чакырылышынын депутаттары, коомдук жана маданий ишмерлер, ошондой эле ырчы-чоорчулар бар. Тизме күн сайын уланууда. Элдин элегинен өтүүнү каалагандар 10-ноябрга чейин арыз тапшырса болот.

Эске сала кетсек, мажоритардык шайлоо системасы менен өткөрүлүп жаткан бул шайлоодо 30 округдан 90 депутат шайланып келет. Ар бир аймактан үчтөн эл өкүлү болот. Үч депутаттын бирөө башка жыныстан болушу керек. Тагыраагы, эки эркек, бир аял же эки аял болсо, бир эркек жаран мандатка ээ болот.

Зулпукаар Сапанов