«Кечээ, 6-июнда кечки саат 21.00дө болгон катуу шамал Талас шаарында үйлөрдүн чатырларын учурду», -деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Талас шаарында бир турак үйдүн, сарайдын, мал базардын аймагында имараттардын чатырларын учуруп кетип, бактар кулап, жолдорду бууп калган. Мындан тышкары Талас районунун Манас айылында Ш.Жумагулов атындагы орто мектептин чатырын учуруп, Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында турак үйдүн ашканасынын чатырына бак кулаган. Жабыркагандар жок.
Жерине ӨКМдин ыкчам топтору тартылып тактоо иштерин жүргүзүшкөн. Ошондой эле, “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери тазалоо иш-чараларын жүргүздү.

