"Эркин-Тоо"
Кырсык

Талас: Катуу шамалдын кесепетинен адам каза болуп, мектептердин чатырлары талкаланды

Талас облусунун Манас районунда кечээ, 17-ноябрь күнү саат 14:30 чамасында ылдамдыгы секундасына 20-25 метрге жеткен катуу шамал катталган. Шамалдын кесепетинен Кыргызстан айыл аймагынын Талас айылынын орто мектебинин спортзалынын, Көк-Дөбө айылынын орто мектебинин, Покровка айыл аймагынын Бала-Саруу айылындагы орто мектебинин жана Үч-Коргон айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылынын Рахманбердиев атындагы орто мектебинин чатырларын учуруп кеткен.

Мындан тышкары Кара-Буура районунун Жоон-Дөбө айылынын орто мектебинин чатыры учуп, 2 электр мамысы кулаган.

Шамалдын кесепетинен Манас районунун Май айылында терек кулап, 1975-ж.т. Т.З. аттуу эркек адам каза болгон.

Жеринде райондук Жарандык коргонуунун комиссиясы жана Манас районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу боюнча иш алып барышууда.