"Эркин-Тоо"
Аймак Аймактарда Жаңылыктар

Талас мамлекеттик университетинин эски имараты бузулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Талас мамлекеттик университетинин эски имараты бузулуп, ордуна заманбап, 5 кабаттуу жаңы кампус курулат. Бул тууралуу Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев билдирди.

Анын айтымында, учурда жаңы имараттын долбоору даярдалып жатат. Курулуш иштери быйыл башталмакчы. Жаңы кампус бардык керектүү окуу-куралдар менен жабдылып, студенттер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Белгилей кетсек, Талас мамлекеттик университети 1994-жылы түзүлгөн. Ал совет мезгилинен бери иштеп келген Талас педагогикалык окуу жайынын базасында уюшулган.