Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы 27-сентябрдан тарта бардык багыттар боюнча ички каттамдарды ишке киргизерин билдирди. Эми Талас, Нарын жана Каракол шаарларына да учууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Учурда авиакомпания Канададан 80 орундуу үч учактын келишин күтүп жатат. “Авиа билеттердин баасы 2000 сомдон башталат. Asman Airlines кардарлар үчүн бир нече тарифтерди сунуштайт: супер эконом (7 кг кол жүк менен гана), фул эконом (15 кг жүк жана кол жүк), флекс эконом (15 кг жүк, 7 кг кол жүк, орун тандоо мүмкүнчүлүгү жана кезексиз тейлөө).