"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

Талас облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Нурдин УСУПБЕКОВ: “ООРУКАНАЛАРДА ШАРТТАР КЕҢЕЙТИЛҮҮДӨ”

— Нурдин Сарымсакович, Талас облусунда калкка жардам көрсөтүүдө медициналык жабдыктар жетиштүүбү?

— Учурда облус боюнча 273 дарыгер, 1257 орто билимдүү кызматкер эмгектенет. Бирок облус боюнча 165 дарыгер жетишсиз. Алардын ичинен Талас облусунун саламаттык сактоо мекемелери анестезиолог-реаниматолог, акушер-гинеколог, эндокринолог, неонатолог, педиатр, рентгенолог жана башка дарыгерлерге муктаж. Ал эми мамлекеттен медициналык жабдууларга 2025-жылга акча каражаты бөлүнүп, ага медициналык жабдыктар алынды. Учурда Талас облустук биргелешкен ооруканасында диагностикалык мүмкүнчүлүктөр кеңейүүдө. Дарылоо ыкмалары заманбап меджабдуулар менен камсыздалып жатат.

— Аймакта эне-баланын саламаттыгына кам көрүү кандай жолго коюлган?

— Мисалы, 2025-жылы Талас облусу боюнча 4102 төрөт катталган. Кош бойлуу аялдардын өлүмүн болтурбоо үчүн баштапкы, облустук медициналык жардам берүү мекемелеринде комплекстүү иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Бул багытта Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлери менен бирдикте тыгыз иш алып барабыз. Ал эми эркектердин саламаттыгы боюнча да кароолор, текшерүүлөр мезгил-мезгили менен өткөрүлүп турат. Талас облусунун аялдарына жана балдарына сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу, эне жана баланы коргоо тармагындагы заманбап медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүктү кылуу үчүн Ч.Мамбетов атындагы Талас облустук ооруканада Германия Өкмөтү, Германиянын өнүктүрүү банкы KFW аркылуу 63 орундуу заманбап перинаталдык корпус курулууда. Анын ичинде операциялык бөлмөлөр, реанимация бөлүмү жана интенсивдүү терапия бөлмөлөрү медициналык жабдыктар менен жабдылат. Бүгүнкү күнгө корпустун эки кабаттуу имараты тургузулуп, ички жумуштары жүрүүдө. Мындан тышкары Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 25 керебетке эсептелинген оорукананын курулуш иштери жүрүүдө. Келечекте Талас облусуна жаңы заманбап 300 орундуу оорукана куруу пландарыбыз ишке ашса дейбиз.

— Кан басым, жүрөк кан тамыр ооруларынын көрсөткүчү, аны дарылоо мүмкүнчүлүктөрүңүздөр кандай?

— Облуста кан басым, жүрөк кан тамыр оорулууларынын саны жылдан-жылга өсүүдө. Жүрөк кан тамыр ооруларына чалдыккан бейтаптардын жаш курагы жашарууда. Бул багытта облус боюнча Талас облустук биргелешкен оорукананын базасында 40 керебеттүү кардиологиялык бөлүм бардык облус ичиндеги бейтаптарды кабыл алат. Учурда облустук ооруканага ангиограф аппараты Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан берилди. Учурда аппаратты орнотууга имарат даярдалып жатат. Аталган аппараттын жардамы менен жүрөк кан тамырлар оорусуна диагноз коюлуп, бейтаптарды курч инфаркт оорусунан өз убагында дарылап, айыктырып өмүрүн сактап калууга шарттар түзүлөт.

— Облуста неврологиялык жана психологиялык жардам жетиштүүбү?

— Ооба, неврологиялык жана психиатриялык жардамдар жетиштүү деңгээлде берилет. Облустук ооруканада 27 керебет неврология бөлүмү, 20 керебеттен психонаркологиялык бөлүм иштейт. Алар облус боюнча бейтаптарды кабыл алып, дарылашат. Райондордо неврологиялык, психиатриялык кабинеттер иштейт. Бирок, учурда психиатр дарыгери Айтматов жалпы дарыгерлик практика борборунда жетишсиз.

— Президенттин Таластагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаевдин колдоосу менен жаш медиктердин айлык-акысын төлөө, аларды аймактык ооруканаларга жумушка тартуу жагы каралды эле? Анын жыйынтыгы кандай болууда?

— КР Президентинин Талас облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Джумаев Эрмат Джумаевичтин демилгеси менен Талас облусунун ооруканаларына өткөн жылдын сентябрь айынан тарта жалпы 18 дарыгер, 15 интерн-ординаторлор келген. Каржылоо боюнча “Алтын Альянс” менен келишим түзүлүп жаңы келген дарыгерлерге 30-январга жалпы 2 млн 400 миң сомдон ашык сумма которулуп берилген.

— Таласта медициналык окуу жай бар эмеспи, мындан окуп бүткөн студенттер облустагы ооруканаларга жумушка кабыл алынабы?

— Ооба кабыл алынат. Мисалы, Талас медициналык колледжинин быйылкы бүтүрүүчүлөрүнөн 13 жаш орто билимдүү кызматкерлер жумушка кабыл алынды.

— Дары-дармектер жетиштүүбү?

— Облус боюнча дары-дармектер жетиштүү десек болот. 70% дары-дармектер бар. Бардык дары дармектер “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы аркылуу камсыздалат.

— Таластагы «Жерүй» кенинде кырсыктан каза болгон, жабыр тарткан жарандарга алгачкы жардамды сиздер көрсөттүңүздөрбү?

— «Жерүй» алтын кен компаниясындагы болгон окуядан жабыркаган 2 кызматкер Талас облустук ооруканасына жеткирилип, жаракат бөлүмүнө жаткырылган. Бейтаптардын абалы турукташтырылгандан кийин Бишкек шаарындагы Улуттук Травматология-ортопедия борборуна жеткирилди.

Мээрим Бактыбек кызы