Талас шаарынын 38 жерине 64 видеокамера орнотулду. Бул тууралуу облустук милициясы билдирди. Алардын ичинен 10у адамды жүзүнөн тааныйт, бешөө автоунаалардын мамлекеттик номерин аныктайт, ал эми калган 49у көзөмөл камералар. Аппараттар Талас ОИИБдин санарип көзөмөл борборуна туташтырылат. Ошондой эле шаардык милициянын нөөмөт бөлүмүнө жана мэрияга онлайн-форматта көрүү үчүн сыналгылар орнотулган. Маалыматка ылайык, камераларды орнотуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 5 миллион сом бөлүнгөн.