"Эркин-Тоо"

Талас: Токойдо чыккан өрттөн 40 гектар куураган чөп жана дарактар күйгөн

Кечээ, 18-март күнү Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылындагы токойдон өрт чыккан. Ал түшкү саат 1ге жакын башталган. Өрттү өчүрүү үчүн ӨКМден 5 күжүрмөн эсеп, 40 куткаруучу 2 мотопомпа барган. Ошондой эле токой кызматынан 35 адам, Бакай-Ата районунун тургундарынан 60 адам өрттү өчүрүүгө көмөктөшкөн.

ӨКМдин маалыматы боюнча, тилсиз жоо жаңы өрт өчүрүүчү унаалардын жана атайын шаймандардын жардамы менен саат 19:28де толук өчүрүлдү. Жабыркагандар болгон жок.

Токойдогу өрттөн болжол менен 40 гектар куураган чөп жана бак-дарактар күйгөн.