Бүгүн, 21-майда, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Талас шаарындагы борбордук парктын курулушуна мезгил кутусун салды. Бул тууралуу Кыргыз Өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.
«Президент демилгелеген “Жашыл мурас” долбоору парктар менен эс алуу жайларын көбөйтүүгө багытталган. Таластын жаңы борбордук паркы экологияны коргоо жана элдин ден соолугун чыңдоо үчүн маанилүү жай болот», — деп белгиледи Адылбек Касымалиев.
Парк «Жашыл мурас» долбоорунун алкагында республикалык бюджеттен каржыланууда. Жалпы суммасы 100 млн сомго жакын каражаттын 74,2 млн сому заманбап жабдууларды сатып алууга жумшалат.
Курулуш иштерин 2025-жылдын 31-августуна чейин аяктоо пландалууда.