Бүгүн, 17-апрелде, Талас районунда бир катар объектилердин ачылыш аземи болуп өттү. Имараттардын ачылышына КР МКнын Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, депутаттар Марат Мураталиев, Гүлкан Молдобекова, коомдук ишмерлер жана жергиликтүү тургундар катышты.




