"Эркин-Тоо"
Статистика Экономика

Таласта өсүмдүк майы арзан сатылат

Улуттук статистикалык комитетинин  кечээ, 26-майда берген маалыматына таянсак, ушул күндөрдө 1 литр өсүмдүк майына болгон орточо баа 179,6 сомду түздү.  Бишкек шаарында майдын 1 литри 182 сомдон сатылып жатат. Ал эми Талас шаарында  159,5 сом деп белгиленди. Бул башка аймактарга салыштырмалуу эң арзан баа. Майдын кымбаты Жалал-Абад шаарында. Аты аталган шаарда 1 литр майдын баасы 189 сомго чыккан.