Талас облусунун Айтматов районунда 3,5 миң литр күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Салык кызматынын кызматкерлери ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте жүргүзгөн рейд учурунда «Mercedes-Benz Sprinter» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны токтотушкан.
Текшерүү маалында унаада тиешелүү коштоочу документтери жок 3500 литр күйүүчү май ташылып баратканы аныкталган.
Бул боюнча материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.