"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кырсык

Таласта 7 гектар аянт өрттөндү

Күн мурун Казакстандын Жамбыл облусундагы Кыргызстан менен чектешкен ачык аянтта кургак чөптөн өрт чыгып, Талас облусунун Манас районундагы Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Тетин-Сай капчыгайына өткөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, өрт ошол эле күнү саат 20:50дө токтотулуп, кырдаал толук көзөмөлгө алынды.

Кургак чөптөн чыккан жалын жалпы 7 гектар аянтты каптаган. Шамалдын болушу өрттүн андан ары жайылып кетүү коркунучун жараткандыктан 81 куткаруучу жана Талас токой чарбасынан 36 кызматкер, жалпысынан 117 адис нөөмөттө калды.