"Эркин-Тоо"
Аймак

Таласта ашар жолу менен айылга суу келди

Кара-Буура районундагы Ак-Башат айылынын тургундары арык тартып, айылга суугат суу киргизишти. Жаңы тартылган арыктан айылдыктардын 400 гектардай чарбагы сугарылат. Буга чейин айыл эли жай аккан суу менен аргасыз сугарышчу. Көйгөйдү чечүү үчүн айыл жаштары Бакайыр тоосундагы өзөндөн 6 км нук казып, ага латок жаткырышты. 1 километрге жакын латокту «Бакубат Талас» фондусу алып берсе, калганына эски латоктордун жарактууларын чогултуп курашкан.

Мындан сырткары, эми айылдын четине таза суу резервуарын куруп жатышат. 2004-жылы айылга таза суу тутуму кирген. Суу тутуму бир эле булакка эсептелгендиктен, айылды толук камсыз кыла албайт. 2018-жылы Бакайыр тоосундагы Карагат булагынан айылга чейин 11 км суу түтүгүн тартып, өздөрүн таза суу менен камсыздашакан. Ал эми таза суу резервуарын курууга 800 миң сом сарпталса, анын 600 миң сомун эл аралык «Жаңы айыл» кыймылынан, 200 миң сомун элдин ынтымагынан чогултушкан.