"Эркин-Тоо"

Таласта Бала-Саруу ГЭСи ишке кирди

Таластагы Киров суу сактагычына курулган Бала-Саруу ГЭСи ишке кирди. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон чакан ГЭС үч генераторлуу. Жылына орточо 92 млн кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгат. Бул Талас облусундагы 19 миң абоненттин электр энергияны керектөөсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Курулушка жалпысынан 2 млрд 800 млн сом жумшалган.

Эске салсак, аталган гидроэлектрстанцияга 2021-жылдын август айында капсула салынган.

Бала-Саруу ГЭСинин ачылышына катышкан Президент Садыр Жапаров алдыда “Орто-Токой” жана “Папан” суу сактагычтарында да ГЭСтер куруларын билдирди.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!