"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Таласта чоң көлөмдөгү психотроптук дары-дармек табылды

Талас шаарында психикага таасир берүүчү дары-дармектерди мыйзамсыз алып жүрүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө 34 жаштагы К.У.Э. аттуу адамдан күчтүү таасир этүүчү, курамында психотроптук заты бар 46 миң 455 капсула дары табылды.

Бул боюнча соттук-химиялык экспертиза дайындалып, тиешелүү иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.