"Эркин-Тоо"

Таласта дайынсыз болуп жаткан 60 жаштагы жарандын денеси каналдан табылды

Талас облусунун Кара-Буура районудагы Ак-Башат айылынын 60 жаштагы А.А. аттуу тургуну 24-сентябрда мал базарга кеткен бойдон дайынсыз болгон. Анын денеси бүгүн, 27-сентябрда Чоң-Талас каналынан табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 26-сентябрда аталган жарандын «Ауди-80» үлгүсүндөгү унаасы Көк-Дөбө айылынан өткөн Чоң-Талас каналына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат «112» кызматына түшкөн. Жерине Кара-Буура райондук №91 ӨКБдан 4 куткаруучу, туугандарынан 30 адам тартылып, жеке менчик кран менен унааны чыгарышкан. Ал эми айдоочусунун сөөгүн издөө кеч кирип кеткендигине байланыштуу убактылуу токтотулган.

Бүгүн кайрадан таң эрте издөөнүн жыйынтыгы менен жеңил унаанын ээсинин сөөгү табылып, ИИМ кыматкерлерине сөөгүн өткөрүп беришти.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!