"Эркин-Тоо"

Таласта келин эки баласы менен мыкаачылык менен өлтүрүлгөн

Айтматов районунунда  үч адамды өлтүрүү фактысы катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-майда саат 00:37 чамасында 102 кызматына Айтматов районунун Ак-Башат айылында адам өлтүрүүү фактысы боюнча маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге аталган ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу чыгып, кароо учурда 1997-жылы туулган М.Ж. жана анын төрт жаштагы кызынын, эки жарым жаштагы баласынын күч колдонуп өлтүрүлгөн жансыз денелери табылган.

Бул окуя Айтматов РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен катталып, кылмыш иши козголуп. Үйүнөн сайсыз ок атуучу курал жана балта далил катары алынган.

Тергөө-ыкчам аракетинин жүргүзүү учурунда жогорудагы окуяга шектүү катары буга чейин соттолгон аталган айылдын тургуну 1976-жылы туулган К.Н. издеп табуу багытында ички иштер органдарына багыттамалар жиберилип, Кыргызстандын аймагынан чыгып кетпөө максатында чектөө коюлду.

Кылмыш иши боюнча соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-баллистикалык жана соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалды.

Учурда Талас облустук жана Айтматов райондук милиция кызматкерлери тарабынан жеринде шектүүнү издеп табуу багытында ыкчам-тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!