25-апрелде Талас облусунда Коргоо министрлиги тарабынан уюштурулган “Коопсуздук 2024” биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу жыйынтыкталды.
Машыгуу жалпысынан 3 күнгѳ созулду. Анда аскердик абал шартында мамлекеттик жана аскердик башкаруу органдарынын күжүрмөн даярдыгы, окутуулар, практикалык машыгуулар менен коштолду.
Аталган аскердик иш чарага КР Коргоо министрлигинин аскер кызматчылары, Талас облусунун мамлекеттик жана башкаруу органдары, УКМК, ИИМ, ӨКМдин аймактык бѳлүмдѳрү, ошондой эле облустун резервдик түзүлүштөрү катышты. Муну менен катар Куралдуу күчтѳрүнүн чопкутталган аскердик техникалары тартылды.
Машыгуунун жыйынтыктоочу аземи К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында өттү. Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгү тарабынан машыгууну ѳткѳрүүдѳ жигердүү иш алпаргандыгы үчүн КР Күч түзүмдѳрүнүн жетекчилерине жана кызматкерлерине Ардак грамоталар ыйгарылды.
Эске сала кетсек, машыгуу 23-апрелде башталган.
Мээрим БАКТЫБЕК кызы