Шекер айылына мөндүр жаап, дыйкандардын 600 гектар эгин талаасы жараксыз кылды.
Бул тууралуу Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
2025-жылдын 28-июлунда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылында катуу жааган мөндүр талаадагы төө буурчакка олуттуу зыян келтирди. Болжол менен 600 гектар жердеги эгин толугу менен жараксыз абалга келген.
Табигый кырсыктын кесепетин жеринен көрүү үчүн 29-июлда Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев Шекер аймагына барып, жабыр тарткан дыйкандар менен жолугушту. Жолугушууда абалды жөнгө салуу максатында атайын комиссия түзүлүп, учурда келтирилген зыяндын өлчөмү такталып жатканы маалым болду.
Облустук жетекчилик бул маселе боюнча Өкмөткө жана тиешелүү министрликтерге маалымат берилгенин, жабыркаган дыйкандарга жардам көрсөтүлөрүн кошумчалады.

