2025-жылдын үчүнчү чейрегинде Талас районунда минералдык ичүүчү суу чыгаруучу “Арашан” аталышындагы чакан ишкана ишке кирери күтүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.
Долбоор Талас райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен ишке ашырылууда. Ишкананын курулушуна жалпысынан 14 миллион 147 миң сом, ал эми керектүү жабдууларды сатып алууга 7 миллион сом бөлүнгөн.
Миниралдык суу өндүрө турган бул ишкана колдонууга берилген соң 10го чейинки туруктуу жумуш орундары түзүлөт.
Спросить ChatGPT

