Таласта мыйзамсыз газ станциясына 200 миң сом айып салынды
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгы тарабынан курулуш объектилерине туруктуу көзөмөл жүргүзүлүүдө.
Пландан тышкаркы текшерүүнүн жүрүшүндө Талас району, Ч.Айтматов көчөсүндөгү №388 жана №392 даректерде жайгашкан “Сардалбек” жана “Партнер Нефть” май куюучу жайлары текшерилди. Текшерүү жергиликтүү тургундардын кайрылуусунун негизинде жүргүзүлгөн.
Жыйынтыгында “Партнер Нефть” май куюучу жайындагы газ куюучу станция тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз мыйзамсыз курулуп, иштеп жатканы аныкталды. Бул аракеттер Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын талаптарын бузуу катары бааланды.
Мындан тышкары, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүдө “Сардалбек” май куюучу жайында санитардык нормалар толук сакталбаганы белгилүү болду.
Анын негизинде “Партнер Нефть” ишканасына Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 144-беренесине ылайык 200 миң сом айып салынды. Ошондой эле мыйзам бузууларды четтетүү боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди. Ал эми “Сардалбек” май куюучу жайына санитардык талаптарды сактоо боюнча эскертүү тапшырылды.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш иштерин жүргүзгөн бардык компанияларды мыйзам талаптарын жана курулуш нормаларын так сактоого чакырат.