"Эркин-Тоо"

Таласта облус аймагынын жарымына тете жер бир компанияга таандык болгон

Таласта облус аймагынын жарымына тете жер мамлекеттин карамагына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, маркум Камчы Көлбаевдин мүлкүн аныктоо иш-чараларынын алкагында аңчылык жерлер аныкталган.
«Компаниянын директору А.у.А. маркум Камчы Көлбаевдин жакын адамы Р.Т.К. менен жакын мамиледе болгон. Талас облусунун жалпы аянты 1 миллион 140 миң гектарды түзсө, анын 423 миң 966 гектары компанияга таандык болгон. Бул облустун аянтынын үчтөн бир бөлүгү болуп саналат», — деп айтылат.
Жер 4 миллион 465 миң 550 сомго бааланып, Экология министрлигинин Талас аймактык башкармалыгынын балансына өткөрүп берилгени кошумчаланды.