Талас облусунун Манас районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагында токойдон өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Өрт саат 23:43тө чектөөгө алынып, 00:40та толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жана жаракат алгандар жок.
Өрттүн жалпы аянты болжол менен 25-30 гектарды түзөт.