"Эркин-Тоо"

Таласта жоголгон жарандын унаасы суудан табылды

Таласта жоголгон жарандын унаасы суудан чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Талас облусунун Кара-Буура районудагы Ак-Башат айылынын 60 жаштагы А.А. аттуу тургуну 24-сентябрда мал базарга кеткен бойдон дайынсыз болгон.
Ал эми 26-сентябрда аталган жарандын «Ауди-80» үлгүсүндөгү унаасы Көк-Дөбө айылынан өткөн Чоң-Талас каналына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат «112» кызматына түшкөн.
Жерине Кара-Буура райондук №91 ӨКБдан 4 куткаруучу, туугандарынан 30 адам тартылып, жеке менчик крандын жардамында унааны чыгарышты. Унаада адам жок жана айнектери ачык болгондугуна байланыштуу издөө иштери жүргүзүлүп, кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду.
Жоголгон адамды издөө иштери бүгүн, 27-сентябрь улантылат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!