Таласта жол кырсыгынан үч адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
«Кечээ саат 21:00дөр чамасында Тараз — Талас — Суусамыр жолунда Хонда-Степвагон жана ВАЗ2107 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн», — деп айтылат билдирүүдө.
Маалымдалгандай, жол кырсыгынын кесепетинен үч адам каза болуп, экөө жабыркаган.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.