Талас шаарынын Үмөт Молдо көчөсүндө жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар куруу иштери башталды. Буга байланыштуу кээ бир турак үйлөрдүн короолору жолго чыгып тургандыктан бузулду. Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов курулуш иштерине тоскоолдук жаратпоо зарылдыгын белгилеп, жергиликтүү тургундарга кошумча эскертүүлөрдү берди.