"Эркин-Тоо"

Таластагы Эсептөө палатасынын инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды

УКМКнын Талас облусунун аймагындагы коррупциялык факторлорду жана шарттарды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Талас облусунун билим берүү тармагындагы жана Эсептөө палатасынын кызмат адамдарынын дагы бир коррупциялык схемасы аныкталганы маалым болду.

Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн айрым кызмат адамдары каржылык жана башка мыйзам бузууларды жашыруу максатында жалпы билим берүүчү мектептердин жана бала бакча окуу жайларынын директорлорунан финансылык текшерүү органдарынын өкүлдөрү тарабынан аудитти формалдуу жүргүзүүсү үчүн берүүгө мыйзамсыз акча каражатын чогултууну уюштурушкан.

Тагыраак айтканда, Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору А.Ш.У (пара алгандыгы үчүн) жана Талас шаардык, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы О.Б.К. (пара бергендиги үчүн) ири өлчөмдөгү параны берүү жана алуу фактысы боюнча кармалды.

Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!