"Эркин-Тоо"

Таластагы сүт заводу иштетилген сууну таза сууга агызып келген

Кара-Буура районундагы “Арашан” сүт заводунун айланасына текшерүү иштерин жүргүзүү учурунда, аталган ишканадан чыккан булганыч суулар батыш тараптагы кара сууга кошулуп жатканы аныкталган. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүк билдирди. 

Маалыматка ылайык, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дардановдун тапшырмасы менен Кыргызстандын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгына текшерүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилген.

“Кыргызстандын “Суу жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесине ылайык, суунун  анализи алынып  лабораториялык текшерүү жиберилди. Лабораториянын текшерүү иштеринин  жыйынтыгы менен  “Арашан”  сүт заводуна  мыйзамдарда  каралган  тартипте тийиштүү чаралар көрүлөт”, — деп айтылат маалыматта.

Пример HTML-страницы