"Эркин-Тоо"

ТАЛГАРБЕКОВ АЧУУЛАНЫП, ТУЙГУНАЛЫНЫ ТЕЛЕДЕБАТКА ЧАКЫРДЫ

Узаган жума соңунда Бекболот Талгарбеков, Туйгуналы Абдраимов, Аликбек Жекшенкулов, Эдил Байсалов баштаган саясий элита Куран окутуу расмисинде чогуу отуруп калышат. Кыргыздар мындай өнөктүктө адатта маркумду эскерип, жакшы сөздөрдү сүйлөшү кажет эмеспи. Бул отурушта кептен-кеп чыгып, акыры Акаевдин уруусуна сөз жетсе, Туйгуналы Абдраимов башын чулгуп, туңгуч президенттин кайсы уруудан чыккандыгын (бул жагы сыр болсун) “балп эттирди” эле, мындайга Бекболот Талгарбеков чыдабай, Абдраимовду дароо түз эфир аркылуу теледебатка чакырды. Бул көрүнүшкө журналисттер Сурат Жылкычиев, Нургазы Анаркулов, Тилек Рыскуловдор жандуу күбө болушту. Бул жерде коомчулукка жайып жиберүү максатында эмес, мындай шартта саясий элита жамандыкта жакшы сөздөрдү сүйлөшпөсө да, арыданбери, тек отурушса деген ойду айткың келет экен!

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!