"Эркин-Тоо"

Талгат СОЛТОБЕКОВ: “КАЛК АРАСЫНДА КУРУЛУШ БОЮНЧА САБАТТЫ ӨРКҮНДӨТСӨК…

Кемин райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы — башкы С архитектору Талгат СОЛТОБЕКОВ

Солтобеков Талгат Эсенбекович Кемин райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгын жетектеп келе жатканынан бери 14 жылдан ашуун мезгил өттү. Каарманыбыз ушул аймакта туулуп-өскөн. Аймактагы Кара-Булак орто мектебин ийгиликтүү аяктагандан кийин, 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик архитектура-курулуш институтунун студенти болуп, “Өнөр жай жана жарандык курулуш” адистиги боюнча “Инженер-курулушчу” кесибине ээ болуп чыккан. 1990-жылдан 1994-жылга чейин борбор калаабыздагы долбоорлоо институтунда, “Кыргыз камволдук нооту” комбинатында үзүрлүү иштөө менен эмгек майданына жол салат. 1994-жылдан тартып жашоо-шартка байланыштуу Кемин өрөөнүнө кайтып келип, жооптуу кызматтарда иштейт. 2006-жылы Кемин райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына кызматка келип иштей баштайт. Арадан 2 жыл өткөндөн кийин ушул мекеменин жетекчиси болуп дайындалат. Ошол мезгилден бери жетекчилик иш-аракеттери менен алек болгон каарманыбыз Солтобеков Талгат Эсенбекович Кемин районунун архитектурасынын гүлдөп-өнүгүүсүндө тыным албай салым кошуп, жан үрөп эмгектенүүдө. Ал ушул жылдар аралыгында жоопкерчилиги бийик, абийирдүү, ак ниет, компетенттүү адис, уюштуруучулук мыкты жөндөмдүүлүктөрү, асыл сапаттары менен мыкты жетекчи экендигин көрсөтө алды. Талгат мырзанын жетекчилиги астында өндүрүш көлөмү кеңейип, курулуш долбоорлоо жана конструкторлоо боюнча аймакта атайын адистер үчүн жаңы кызмат орундары пайда болуп, калк катмары менен иштөөдө өзгөчө ырааттуулуктар калыпка салынды. Каарманыбыз элге арнаган ак кызматынан баар таап, зор кадыр-баркка ээ болду. Көптөгөн мамлекеттик, облустук, райондук жетекчиликтердин Ардак грамоталары менен сыйланган. Бактылуу үй-бүлөнүн, 5 баланын камкор атасы. Талгат Эсенбекович менен болгон маегибизде ал учурдагы ийгилик коштогон иштери туурасында төмөндөгүлөрдү айтып берди.

— Талгат мырза, акыркы мезгилдерде мамлекетибизде архитектура тармагында көптөгөн өзгөрүүлөр болуп, талаптар өсүүдө. Ушундай заман талабына жараша өзгөрүүлөр болуп жаткан маалда сиз жетектеген башкармалыктын жоопкерчилиги дагы артып жатат да…

— Туура айтасыз. Архитектура жаңы ачылыштарды камтыган тармак болуп эсептелет. Коом өнүгүп, заман өзгөрүп жатат. Ошондуктан, биздин тармак заманга жараша шайкеш өсүпөнүгүүгө муктаж. Кемин райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы Министрлер Кабинети, Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген тапшырмаларды так аткарып, аймактагы курулуштарды жөнгө салуу иштери боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу боюнча белгилүү максаттуу иштерди жүзөгө ашырып келе жатат.

Архитектура башкармалыгы өз ишинде Кыргыз Республикасынын «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө», «Жеке турак жай куруу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Жер кодекси» мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алуу менен иш алып барат. Биздин башкы документибиз – шаардын жана айыл жерин өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү курулушун пландаштырган башкы план болуп саналат.

Калк жашаган жайлардын стратегиялык пландоо курулушу, калк жашаган жайлардын заманбап абалына жүргүзүлгөн талдоолордой жана анын кандайдыр бир белгилүү узак мөөнөттө алдын ала өнүгүшү илимий түшүндүрмөлөрдүн негизинде аныкталат. Биз дагы башкы планыбыздын мыйзам чегинде аткарылуусун көзөмөлгө алып, калктуу конуштарда иш жүргүзүп жатабыз.

2016-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын айыл жергесиндеги калктуу конуштарынын аймактарын пландаштыруу жана өнүктүрүү эрежелерине ылайык, Калктуу конуштардын башкы планынын колдонуу мөөнөтү айыл жергесинде 15-20 жыл, ал эми 2020-жылдын 20-мартындагы шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу конуштарды өнүктүрүү Курулуш эрежелерине ылайык — шаарларда 25 жылдык мөөнөткө каралган.

Социалдык-экономикалык абалдын өзгөрүүсүнө байланыштуу өткөн жылдарда иштелип чыгарылган калктуу конуштардын башкы планы бүгүнкү күндө кыйла эскирип калды.

Башкы планды иштеп чыгуу республиканын бардык шаарларынын жана калк жашаган аймактардын, негизи жарандардын жеке турак жай курууга жер тилкелерин бөлүштүрүүдөн баштап, калк жашаган жайлардын шаардын чектерин жана жаңы чектерин аныктоого байланыштуу болот.

Башкы пландын жаңыртылбаганынан жарандарга турак жай курууга жер тилкелерин бөлүштүрүү кескин токтоп калды.

Кыргыз Республикасынын Мамкурулушунун 2022-жылдын 16-мартындагы №51-нпа буйругу менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы шаар куруу документтеринин курамын иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби тууралуу» Кыргыз Республикасынын курулуш нормаларынын 2021-жылдын 25-январындагы №41-нпа буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (Мамкурулуштун буйругунун 2021-жылдын 19-августундагы №45-нпа редакциясына ылайык)”, 4.12 пунктуна ылайык, калктуу конуштардын башкы пландарын актуалдаштыруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча 5 жыл сайын шаар куруунун учурдагы абалынын өзгөрүшүнө байланыштуу техникалыкэкономикалык негиздеменин негизинде жүргүзүлөт.

Калк жашаган жайлардын жаңы башкы планынын жоктугу бул жаңы курула турган курулуштардын бирдиктүү жолу жоктугуна, бир гана жеке турак үй, жеке коммерциялык объектилеринин долбоорлорун иштеп чыгууда абалды жакшыртпайт, тескерисинче, калк жашаган жайлардын абалын начарлатат.

— Башкы пландын ишке ашырылышы боюнча жалпы райондо абал кандай?

— Биз негизинен “Алтынкен”, “Датка-Кемин”, “СалютКомпани”, “Шанфэн Зэт Цемент” сыяктуу чоң-чоң көлөмдүү долбоорлорго катыштык. Азыркы учурда районубузда социалдык-курулуштар, замандын талабына жооп берген мектептер, спорттук аянтчалар, бала бакчалар, калкты тейлөө борбору ж.б. көлөмдүү курулуштар ар дайым биздин башкармалык тарабынан көзөмөлгө алынып, башкы пландын негизинде курулуп жатат. Ошондой эле Кемин районуна караштуу Кызыл-Октябрь, Боролдой, Кичи-Кемин, Ильич айыл өкмөттөрүндөгү айылдардын башкы пландары жаңы жасалып чыкты. Алар жактырылып, ишке киришти. Жалпысынан алганда бардык айылдардын башкы пландары бар. Кереметтүү Кемин районубузда заманбап, кооз жана көрүнүктүү курулуштар, турак жайлар курулуп, районубуздун көркүнө көрк кошууда. Негизинен биздин башкармалык тарабынан курулуп жаткан курулуштарды туура, мыйзам чегинде салуу боюнча түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, толук маалымат берилип турат.

— Өткөн жылды кандай жыйынтыктап алдыңыздар?

Кардарлар менен иштешүү кандай жолго коюлган? — Ар бир жылды жыйынтыктап жатып, мурунку ишаракеттерибизди анализдейбиз. Өткөн жылы 34 даана турак жай мыйзам чегинде пайдаланууга киргизилип, тиешелүү иш кагаздары менен камсыз болгон.

Башкармалыгыбызда штаттык ырааттама боюнча 11 адам эмгектенишет жана бири-бирин колдоп, ынтымакта биргелешип иш алып барышат. Кемин райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №490 “Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын генералдык пландарын жасоо” боюнча токтомун эске алуу менен Кемин району боюнча башкы пландардын жазалышынын, аткарылышынын иш-чаралары боюнча абал төмөндөгүдөй:

1. Боролдой айыл өкмөтүнө караштуу Боролдой айылынын башкы планы толугу менен бүтүп, шаар кеңешинде каралды.

2. Дүйшеев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу КичиКемин айылындагы жалпы аянты 42,0 га түзгөн күн чыгыш жана күн батыш тарабынын толугу менен башкы планы бүтүп, жергиликтүү айылдык кеңеш менен бекитилген.

3. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Дорожное, Чолок, Саз-Булак, ЖелАрык жана Кызыл-Октябрь айылдарынын күн чыгыш, күн батыш тарабындагы калктуу конуштарынын башкы планы толугу менен бүткөн жана жергиликтүү айыл кеңештери менен бекитилип, бардыгы ишке берилген.

4. Ильич айыл өкмөтү боюнча Ильич жана Жол-Булак айылдарынын башкы пландары аткарылып, такталып, бекитилген.

5. Чым-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Новомихайловка айылынын башкы планы учурда жасалууда.

Ал эми 2022-жылы башкы пландар боюнча аткарылуучу иш-чараларга Ак-Түз айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Түз айылынын, Чым-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Бообек айылынын, Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнө караштуу ЖаңыАлыш айылынын, Көк-Ойрок айыл өкмөтүнүн кошумча жерлеринин, Кара-Булак, Алмалуу айыл өкмөттөрүнө караштуу айылдарынын башкы пландарын жасоо каралууда.

Башкармалыкка арыз менен кайрылган кардарларды (АГЗ, АТЗ, курулуштун долбоорлору жана башка у.с.) акысын төлөөгө башкармалыкта орнотулган терминал аркылуу же болбосо банк аркылуу тиешелүү сумма төлөнүп, арыздар “Бирдиктүү терезе” аркылуу кабыл алынып жатат. Ошондой эле компьютердик тармак аркылуу “Мамкурулуш” тарабынан дайыма көзөмөлдө турат. Ал эми алынган арыз, каттар боюнча ай сайын өз убагында маалымат берилип турат жана кызматкерлер менен кардарлардын ортосунда түз байланышты болтурбоо үчүн жабык эшиктүү тосмо менен тосулган. Башкармалыкка келген кардарларды жана бардык иш-чараларды көзөмөлгө алуу үчүн атайын видео байкоолор жаңыртылып, атайын тактайчада ишеним телефондордун номерлери илинген.

Азыркы учурда Кемин райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында эскерткич жол-жоболору жөнүндө уруксат алуу, берүүчү документтерди долбоорлоого, курууга жана башка кыймылсыз мүлк объектилеринин максат багыттарын өзгөртүү боюнча “Бирдиктүү терезе” принцибинин негизинде юридикалык жана жеке жактар тарабынан төлөнүүчү төлөмдөрдүн баалары тактада илинип турат.

— Талгат мырза, жылдын башында маек уюштуруп жатабыз. Быйылкы жылга белгилеген башкармалыктын иш-пландары бардыр. Кыскача маалымат бере кетсеңиз…

— Районубуздун аймагында кереметтүү кооз курулуштар кулач жайып, элибиздин жашоосуна ыңгайлуу шарттар түзүлүп, жергебиздин көркүнө көрк кошуп жатат. Райондун борборун көркөмү көз талдырган кооз шаарга айландырсак деген асыл тилек-ойлорубуз бар. Жер – элдин байлыгы. Бирок, ал резинадай болуп эч качан чоюла албайт. Ошондуктан, болочокто курулуш тармагында вертикалдуу өсүүлөрдү жараткандан башка аргабыз жок. Ар качан айыл аймактарындагы өткөрүлгөн иш-чараларда туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, маалыматтарды беребиз. Районубуздун аймактарындагы бош жерлерди дагы менчиктештирип алгысы келген замандаштарыбызды жолугушууга чакырып, келечек пландар жөнүндө бөлүшүп, жалпыга тиешелүү жерлердин маани-маңызын айтып беребиз.

Чындыгын айтканда калк арасында курулуш тармагы тууралуу сабаты төмөн замандаштарыбыз көп кездешет. Курулуш долбоорлорунун тиешелүү мыйзамдардын негизинде ишке ашуусу менен мыйзамсыз курулуштардын натыйжалары тууралуу салыштырууларда адамдарыбыз айыптарын моюндарына алышып, “Эми үй салсам дагы атайын долбоор чийдирип, анан пайдубалын коем”, — дешүүдө.

Ошондуктан, мен бүгүнкү мага берилген мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып, жалпы кесиптештериме замандаштарыбыздын курулуш, архитектура багытындагы маалыматтуулугун арттыралы деп кайрылгым келет. Чоң курулуш түгүл, чакан чарба курулушун курсак дагы атайын долбоор менен иштөө ары натыйжалуу, ары пайдалуу, ары түбөлүктүү болоорун айтып, ынандырып турсак болор эле. Канча акча, курулуш материалдары сарпталаары так эсептелсе курулуштун ээси үчүн дагы пайдалуу эмеспи. Ошол курулушту эксплуатацияга киргизгенде дагы эч машакаты жок, мыйзам чегинде каалагандай пайдалана алат. Мыйзамсыз курулуш куруп алган замандаштарыбыздын бир тобу кийин келип алышып, “пайдаланууга киргизип бер” деп кыйнашат. Ушул көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн айыл аймактарында жер тилкелерин бекитип берип жатканда атайын эскертүүлөр менен тааныштырып, мыйзамды бузбоо убадаларын алып, кол койдуруп алабыз. Биздин мекемебизде күн мурунтан даярдалган атайын долбоорлор бар. Жер тилкелерин алып жаткан адамдарга аларды сунуш кылабыз, алар дароо ошол долбоорлордун бирөөсүн тандап алат. Карап чыккандан кийин долбоордун кай жерин өзгөртө тургандыгын айтса, биз ал долбоорду оңдоп беребиз. Курулуш аяктагандан кийин, долбоордун тартиби сакталгандыгы же сакталбагандыгы дароо билинип калат. Ошондуктан куруучулар дагы биздин кызыкчылыгыбызды эске алышып, долбоор алкагынан чыккылары келбегендиги бизди ыраазы кылат. Райондун аймагында архитектура, курулуш тармагы боюнча үлгү катары таанылсак деген ниеттерибиз бар.

Раиса ДҮЙШӨНБЕКОВА
№5 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 24-январы

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!