Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев ДССУнун Тамекиге каршы күрөшүү боюнча билим борборунан келген адистер менен жолугушту. Жолугушууда эксперттер TETSiM аттуу симуляциялык моделди сунуштады. Анда салыкты жогорулатуу аркылуу тамекини керектөөнү кыскартуу жана мамлекеттик бюджетке кирешени көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. Бул модель Кыргызстандын 2024–2027-жылдардагы экономикалык жана социалдык шарттарына ылайыкташтырылган.
Министр Чечейбаев: «Тамеки заттарына акциздик салыкты жогорулатуу — калктын саламаттыгын коргоонун илимий жактан далилденген эң натыйжалуу чараларынын бири. Биз бул багытта системалуу реформага даярбыз жана эл аралык өнөктөштөрдүн көмөгүнө ишенебиз», — деди.
Маалымат үчүн:
-
Кыргызстанда бойго жеткен калктын 22%га жакыны, анын ичинде ар бир экинчи эркек чылым чегет.
-
Жыл сайын өлкөдө тамеки 6000ден ашуун адамдын өмүрүн алат.
-
Тамеки чегүү жүрөк, инсульт, рак жана өнөкөт оорулардын негизги себептеринин бири.
-
Кыргызстандагы тамекиге болгон акциздик салык чекене баанын 50%дан азын түзөт. ДССУ бул көрсөткүчтү жок дегенде 75% деңгээлге чыгарууну сунуштайт.