Кыргызстан тамекини ташып келүүгө, транзитке же реэкспорттоого алты айга убактылуу тыюу салууну пландоодо. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтомунун долбоору Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан коомдук талкууга коюлду. Долбоор Кыргызстандын жарандарынын ден соолугун жасалма, сертификаты жок тамекилерди керектөөдөн коргоо, ошондой эле тамеки аткезчилигине каршы күрөштү күчөтүү жана мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдүн болжолдуу көрсөткүчтөрүн аткаруу максатында иштелип чыккан.