Эки элдин маданий окшоштугу кызматташтыкка данакер
Апта башында Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Венгрияда болду. Садыр Жапаровду Ференц Лист аэропортунда жогорку сый-урмат менен тосуп алышты. Кыргыз мамлекетинин башчысы президенттик резиденцияда – Будапешт шаарындагы Шандора сарайында Венгриянын Президенти Каталин Новак менен жолугушту.
Садыр Жапаров менен Каталин Новак менен тар жана кеңейтилген курамда жолугушуп, саясий, соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө жана маданий-гуманитардык байланыш маселелерин талкуулашты. Каталин Новак расмий сапар учурунда документтерге кол коюу эки тараптуу мамилелердин келечеги үчүн жакшы түрткү болорун баса белгиледи. Анын пикиринде эки элдин маданий окшоштугунан улам өлкөлөр ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлде болооруна ишенич чоң. Президент Садыр Жапаров Венгрия аркылуу Европа өлкөлөрү менен саясий-экономикалык багытта кызматташууга даяр экенин билдирди. Мамлекет башчысы Каталин Новакты өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту. Анда кыргыз-венгер кызматташтыгынын бардык багыттары камтылган.
Президент Садыр Жапаров Каталин Новак менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө билдирүү жасады.
Авиакаттам алаканы арттырат
Президент Садыр Жапаров массалык маалымат каражаттарынын алдында билдирүү жасап, “стратегиялык өнөктөштүгүбүздү мындан ары бекемдөө максатында биз WizzAir венгер авиакомпаниясы аркылуу Будапешт – Бишкек – Будапешт каттамы боюнча түз авиакаттамдарды ачуунун үстүндө ишти улантууну макулдаштык”, — деп билдирди. Президенттин ишеними боюнча жакынкы мезгилде түз авиакаттамдар иштей баштайт. Мындан тышкары маданийгуманитардык, өзгөчө билим берүү тармагында кызматташтыктын өнүгүшү күтүлөт. Кошумчалай кетсек, Венгриянын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн кыргыз студенттерине жыл сайын 200 орунга чейин квота берилип келет. Ошондой эле Садыр Жапаровдун Венгрияга расмий сапарынын алкагында Будапешт шаарында эки өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын катышуусунда Биринчи кыргыз-венгер ректорлор форуму өттү.
Бизнес форум – кызматташтык башаты
Президент Садыр Жапаров Будапештте Кыргызстандын жана Венгриянын туризм жана курулуш, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, фармацевтика, энергетика, өнөр жай өндүрүшү жана башка тармактардан 100гө жакын ири компаниялар катышкан бизнесфорумда сөз сүйлөдү.
Мамлекет башчысы бул ишчара Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда гана эмес, Кыргызстан жана Европа Биримдиги менен соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн да маанилүү экендигин белгиледи. Эске салсак, 2021-жылы уставдык капиталы 50 миллион доллар болгон Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлгөн.
Президент учурда жалпы суммасы 26 млн долларды түзгөн конкреттүү бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу пландалып жатканын айтты. Мамлекет башчысы эки өлкөнүн соода алмашуу көлөмү 2022-жылдын 11 айында 7,6 млн долларды гана түзгөнүн келтирип, соода-экономикалык жана өндүрүштүк-инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы импульс берүү маанилүү экендигин белгиледи. Кыргызстан агро-өнөр жай комплексинде жаңы технологияларды колдонуу боюнча Венгриянын тажрыйбасына кызыкдар. Садыр Жапаров Венгрияда Кыргызстандын соода үйүн ачуу, Кыргызстандын аймагында экологиялык таза продукцияларды чыгаруу боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Ошондой эле туризм, өнөр жайы, энергетика жаатындагы артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга чакырды.
Кыргыз-венгер элинин тамыры бир
Президент Садыр Жапаров Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушту. Мамлекет башчысын Будапешт шаарындагы Кармелита сарайынын алдынан Виктор Орбан тосуп алды.
Садыр Жапаров менен Виктор Орбан чакан жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Тараптар соодаэкономикалык жана маданийгуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин, банк чөйрөсүндө, гидроэнергетикада, жашыл экономикада өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн жана башка маселелерди талкуулашты.
Виктор Орбан эки элдин тарыхый тамыры бир экендигин баса белгилеп, Кыргызстан — венгерлердин ата-баба конушу экенин белгиледи.
Ал буга чейин түзүлгөн биргелешкен долбоорлорду иш жүзүнө ашыруу керектигин, аларды ишке ашырууда өзү башында турган Венгриянын өкмөтү бардык күч-аракетин жумшай турганын айтты.
Европадагы үчтүн бири
Президент Садыр Жапаров энергетика тармагына керектүү жабдууларды чыгаруучу «Ganz Transformers and Electric Rotating Machines Ltd» компаниясына барды. Компания электр жабдууларын өндүрүү боюнча үч ири европалык ишканалардын бири болуп саналат.
Ишкана жогорку чыңалуудагы электро-техникалык жабдууларды тейлөөчү трансформаторлор, электр кыймылдаткычтар жана генераторлорду чыгарат. Президент компаниянын цехтерин кыдырып көрүп, чыгарылган продукцияларды Кыргызстандагы ГЭСтерге орнотуу үчүн жеткирүү мүмкүндүгүнө кызыкты. Алдыда Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун долбоорлорунун алкагында «Ganz Transformers and Electric Rotating Machines Ltd» компаниясы менен кызматташуу башталышы мүмкүн.
Ласло Месароштун неберелеринин кубанычы
Президент Садыр Жапаров 12-14-февралда Венгрияга расмий иш сапары учурунда Будапешттеги Баатырлар аянтындагы Венгриянын баатырларынын эстелигине гүлчамбар койду. Ошондой эле Венгриянын Улуттук Жыйынынын спикери Ласло Кёвер менен жолугушуп, парламенттин имаратын көрүп чыкты. Мындан тышкары Кыргызстандагы белгилүү архитектор Ласло Месароштун неберелерине анын үй-бүлөлүк сүрөттөрүн, ошондой эле республикалык архивден алынган алардын чоң энеси Вильма Ковачтын өмүр баянындагы ак тактарды көрсөткөн документтерди өз колу менен тапшырды.
Бегим ТУРДАЛИЕВА
№12 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 17-февралы