"Эркин-Тоо"

Тармактык комитет Бишкек ЖЭБиндеги кырдаал менен таанышты

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунда көчмө жыйын өткөрүп, учурдагы кырдаал менен жеринде таанышты.

Парламенттен билдиришкендей, иш-чарага катышкан энергетика министри Таалайбек Ибраев аталган жагдай боюнча ыкчам маалымат берди.

Анын айтымында, Бишкек шаарынын ЖЭБинде авария болгонго чейин иште 11 буу казан жана 7 турбогенератор болуп, жалпы кубаттуулугу 392 МВт түзгөн.

Таалайбек Ибраев ЖЭБдеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штаб түзүлгөнүн белгилеп, жылуулук электр борбордун ишин калыбына келтирүү чараларына кеңири токтолду.

Министр 8-февралга карата Бишкек ЖЭБинин жалпы активдүү кубаттуулугу 311 МВт түзгөнүн маалымдап, бүгүнкү күндө Энергетика министрлигине караштуу энергокомпаниялардын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери калыбына келтирүү жумуштарын улантып жатканын кошумчалады.