Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин фото, видеого тарткандарды жазалоо сунушталууда. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке келип түштү. Тактап айтканда, кызматтык милдеттерин аткарып жаткан кызматкерлерди «укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишин каралоо максатында» фото жана видеого тартып интернетке таратуу үчүн 5000 сом айып салуу же жети суткага чейин камоо сунушталууда.
Эске салсак, буга чейин депутат Сүйүн Өмүрзаков коомдук тартипти камсыздоо боюнча кызматтык милдетин аткарып жаткандарга баш ийбегендердин жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштаган. Мыйзамдын демилгечилери Винера Раимбачаева, Алишер Эрбаев, Кундузбек Сулайманов жана Ырысбек Атажановдор укук коргоо органдарынын коомдогу бедели төмөндөп, анын ишмердүүлүгүнө баа берүүдөгү терс көрүнүштөр күч алып жатканын негиздеме катары келтиришкен. Андан тышкары коомдук транспортто бейбаштык кылгандарга 20 миң сомдон 50 миң сомго чейин айып салуу сунушу айтылган.