"Эркин-Тоо"

Тарых илимдеринин доктору, профессор НУР уулу Досбол: “Жемкорлукка каршы күрөш өтө катуу жүрүп жатат”

Аксакалдан алгы кеп

 Бир кездеги Билим берүү жана илим министри, мамлекеттик катчы, вице-премьер-министр, Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректорлук кызматтарды аркалаган Нур уулу Досбол ушул күндөрү Улуттук илимдер академиясында эмгектенип жаткан чагы. Биз аны менен учурдагы коомдук-саясий маселелердин айланасында баарлаштык.

— Досбол агай, коомдук-саясий кырдаалды сыдыргыдан өткөрүп турсаңыз керек. Тажрыйбалуу, мамлекетчил инсан катары учурда өлкө жетекчилерибиздин аракетин кандай баалап жатасыз? Аксакал катары деле сунушуңуз, кеп-кеңешиңиз бардыр…

— Учурда мамлекетти жетектеп турган инилеримде тажрыйба жагы аз болгону менен аракеттери абдан күчтүү болуп жатат. Мен бир гана мисалды айтайын. Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айындагы ИДПнын өсүүсү 8%дан ашыптыр. Бул абдан чоң көрсөткүч жакынкы 2 айдын гана мисалы. Эгерде биз ушундай өсүү ыргагы менен кетсек, өлкөбүз кыйынчылыктан акырындык менен чыгып кетет. Бул үчүн болгону убакыт керек. Президент, Министрлер Кабинетиндеги жетекчилердин иштери, аракеттери абдан жакшы. Купулга толот! Изги иштерин четинен санасаң гезит бети түт келбейт. Буга чейин иштеп кеткен 5 президентке салыштырмалуу азыркы Президент Садыр Жапаров эл-жерибиз үчүн башын сайып иштеп жатат. Буга дейре жердешчилик, жек-жааттык, үй-бүлөлүк башкаруу болуп келсе, азыркы мамлекет жетекчилери эл үчүн иштешүүдө. Ошондуктан,  азыркы бийликке Кудайдын көзү түз болсун! Биздин мамлекетти башкарып жаткан инилерим бийликтин “таттуу даамына берилбей”, азыркыдай ийгиликтерине баштары айланбай, ушундай колдоого алчу жүрүшүнөн жазышпаса экен дегим келет. Мамлекет башына келген жетекчилер өлкө ичиндеги ички иштерди башкалардын, айланасындагылардын көзү менен көрүп калган көрүнүштөр буга чейинки тарыхыбызда далай ирет кайталанган. Ушундай көрүнүштөрдөн Кудай сактасын!

— Жаңылбасам сиз кезегинде Мамлекеттик катчы болуп турганыңызда ошол кызмат жоюлган эле. Азыр Мамлекеттик катчылык кызмат кайрадан уюшулуп, иш жүргүзүп жаткан чак. Айтыңызчы, бир кезде бул институтту жоюп салып, эмне таптык?

— Жоюп салуу менен эч нерсе деле тапкан жокпуз. Биздин убакка салыштырмалуу бул институттун укугу азыр чектелүү го деп ойлоп коем. Ачык айтканда, Мамлекеттик катчынын иши өтө оор. Эң оболу өлкөдөгү мамлекеттин алган багыты, келечеги, өнүгүүсү болгон жалпы идеологияны көтөрүү керек. Азыркы Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов камчы салдырбай, жакшы иштеп жаткандыгы жалган эмес. Өзү сөзмөр, мага караганда көптөгөн жылдардан бери саясаттын казанында кайнап, башы бышкан, кезегинде мамлекет жетекчисинин чыныгы үлгүсүн көрсөткөн айтылуу Турдакун Усубалиевичке окшогон дөө-шаа легендалар менен үзөңгүлөш иштешкен, бай тажрыйбага ээ мамлекетчил инсан. Сүйүнбек Касмамбетовдо Турдакун Усубалиевичтен жуккан акылмандык сапаттар бар. Аныгында Мамлекеттик катчынын колунда каржылык жактан бийлиги жок. Өзү уюштурган иштерди иш жүзүнө ашырганга толук мүмкүнчүлүгү болбой калат. Ошондуктан, өлкө жетекчилиги Мамлекеттик катчы институтуна шарттарды түзүп берсе, өтө чоң мүмкүнчүлүккө ээ болот. Мамлекеттик идеология жагынан көп иштерди дагы да кылышы керек.

— 2000-жылдагы парламенттин экинчи чакырылышына болгон шайлоодо сиз жеңишке жеткениңиз менен мандатыңызды сот аркылуу тарттырып жибергениңизден кабардармын. Азыр да ошондой көрүнүштөр кайталанып жаткандыгы, баарынан кызыгы мандат талаш учурда арадан 2-3 жыл өткөндөн кийин болуп жаткандыгында болууда. Мындай көрүнүштүн келечеги кандай болот?

— Элди бузуп-жарган шайлоо бул шайтандын иши экенин далай ирет башыбыздан өткөрдүк. Союз мезгилинде Кыргызстанда жашыруун трайбализм болсо, 30 жылда бул жаман илдет ачыкка чыгып кетти. Акыры мунун кесепети мамлекеттин өнүгүүсүнө залалын тийгизди. Ооба, өз мезгилинде депутаттыкка таза жеңиш менен жеткениме карабай Жогорку Сот аркылуу мандатымдан айрылгам. Бул эми өткөн тарых. Өз кезегинде мен муну жазып чыккам. Биз азыр партиялык система менен шайлоого барганга толук калыптана элекпиз. Кыргызстандын саясий маданиятында партиялык система бир кишинин “бизнесине” айланып калганын буга чейинки бийлик учурунда толугу менен көрдүк. Азыр деле бир мандаттуу же партиялык система менен шайлоо болобу кандай болгон күндө да айыл-айыл, алтургай бир үй-бүлөнүн ичи бөлүнөт. Ал эми азыркыдай шартта кайсы бир депутаттын күнөөсү болсо, анын мандатын дароо тартып албай, башкача деле жазаласа болот. Ортодон 2-3 жыл убакыт өтүп кеткен соң “мандаты туура эмес берилген” деп депутаттыктан ажыратып коюш болбойт. Анда убагында депутаттык мандат берген тиешелүү жетекчилерди дагы жазага тартыш кажет. Алар дагы жазалансын да, туурабы? Бул жагы азыр саясатташып кетти. Ким болбосун, мыйзам “алаланбай”, баарына бирдей болушу зарыл.

— Мындай көрүнүштү бир эсе жемкорлукка каршы күрөш катары сыпаттап, колдоого алсак болобу?

— Акча бар жерде жемкорлук эч качан болбой койбойт. Жемкорлукка каршы күрөш бул бийликтин тушунда өтө катуу жүрүүдө. Ушундай ыргак менен улантыла берсе буюрса, алдыда өлкөбүз бир топ жагынан тазаланып калат. Дүйнөнүн тарыхында Иван Грозный менен Иосиф Сталиндин башкаруу мезгилинде жемкорлук өтө ылдыйлаганы белгилүү. Аталган эки жетекчинин үй-бүлөлөрү баш болуп, жемкорлукка каршы күрөшүшкөн. 1970-жылдары Израилдин андагы өкмөт башчысы Голда Меир “жемкорлукту жок кылып, мамлекетиңди таза кармайм десең, колу туткак жемкордун жети тукумуна чейин мамлекеттин душманы катары эсептөө зарыл. Алардын тукуму эч качан баш көтөрө албашы керек” деп айтканы бар. Мен буларды эринбей тизмектеп жатканым азыркы бийликтин, өзгөчө Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин жемкорлукка каршы күрөшүн, “мамлекетти уурулардан тазалайлы” деген ниет-тилектерин И.Грозный менен И.Сталиндин күрөшүнө салыштырат элем. Айтканга оңой болгону менен жемкорлукка каршы күрөш өтө оор, ары жоопкерчиликтүү жумуш. Бирок, бул күрөштү баштаган соң, аягына чыгуу зарыл. Эгерде аягына чыкпасаң алар кайра күрөш жүргүзгөндөрдүн өздөрүнө зыян келтириши мүмкүн. Азыркы бийликтин көп аракеттери, айрыкча ууруларга каршы күрөшү кубаттаарлык деп билем.

— Бир курдай маегиңизде сиз азыркы Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен үзөңгүлөш иштешкендигиңизди айтканыңыз бар. Азыр бир кездеги кесиптешиңиздин ишине баам салып жатсаңыз керек…

— Жеке мамилебиз абдан жакшы. А бирок, азыр көп байланыш жок. Анткени, ал киши учурда мамлекеттин ишин аткарып жатат. Ага байланышкан бир жөнөкөй чындыкты кеп кезеги келгенде айтып коеюнчу. Акылбек Жапаров энергияга абдан бай жигит. Президент тарабынан бүгүнкү күнгө эң туура тандалган кадр деп эсептейм. Биздин экономикабыз 30 жылдын ичинде артка кетип, Тажикстандан да артта калып калганбыз. Союз жоюлган мезгилде биз ИДПнын көлөмү, өсүшү боюнча Орто Азияда биринчилерден болгонбуз. 30 жылда экономикалык жактан “мышык ыйлай” турган абалга кептелип, 2020-жылы жаңы бийлик келип, кайрадан түптөш үчүн көп нерсеге аракет кылып жатат. Ошондой иштердин “мотору” катары Акылбек Жапаров бел чечпей иш алып барууда.

 

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

№24 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 29-марты

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!