Жакында илимий конференциялардын биринде тарыхчы Кыяс Молдокасымов борбор калаага байланышкан кызыктуу, бүйүр кызыткан кеп козгогонунан улам ага кайрылып, бир катар соболдорубузду жолдоп, айрым түйүндүү суроолорубузга жооп алдык.
— Кыяс Сатарович, жакында эксперт Э.Карыбеков менен илимпоз Ч.Сыдыкбаев баш калаа туташ, бардык жагынан тыгын, ыш, ички миграциянын чоң топтолуусуна кабылганын, тез арада борбор шаарды Кочкор районунун борборуна көчүрүүнү демилгелеп чыгышты. Болгондо да илимий, практикалык негиздемелери менен. Бир кездери өлкөбүздүн алгачкы борбор шаары Кочкор райборборунда жайгашмактыгын, бирок бул идея кезегинде ишке ашпай калгандыгы узун сабак кепке айланып келет. Мындай маалыматтар канчалык деңгээлде жүйөлүү? Тарыхый маалыматтарда камтылганбы дегеним…
— Ооба, бир кездери ошондой сунуштар болгон. Алгач ал кездеги уезддин борборун Токмоктон Кочкор же Көтмалдыга көчүрүү маселеси жаңылбасам, 1869–1877-жылдары көтөрүлгөн. Бирок, ал жакта имараттардын жоктугунан, Орусиядан келгиндер отурукташа электигинен улам Пишпек тандалып алынган. Натыйжада, уезддин борбору 1878-жылы апрелде Пишпекке көчүрүлгөн. Экинчи жолу 1922-жылы тоолуу облус түзүлөрдө да борбор катары Кочкор кайрадан талкууга түшкөн. Бирок, тоолуу облус негизделип, Москва тарап аны жокко чыгарган соң, ал маселе да токтогон. Кийин 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлөрдө борбор катары Жалал-Абад шаары каралып, эки күнгө жетпеген убакыт борбор деп жарыяланып, кийин Пишпек борбор болуп өзгөртүлгөн. Учурда Кочкорду борбор кылуу сунушу куру кыялдай гана сезилет. Анткени, эрк жетишсе да каражатты табуу кыйынчылыкты жаратат.
— “Отуздун каты” деген аракеттери менен белгилүү болгон кыргыздын репрессияланып кеткен Ж.Абдрахманов, И.Арабаев, К.Тыныстанов баштаган чыгаандары И.Сталинге жолдогон катына “казак менен кыргызды бир карабагыла. Бизге өзүнчө автономдуу облус түзүп, борборун Кочкор кыштагын кылып бергиле” деп жазганын өзүңүз айтканыңыз бар эле. Бул залкарлардын Кочкорду борбор калаа кылуу боюнча жүйөлөрү кандай болгон?
— “Отуздун каты” облус түзүлгөндөн кийин жазылган. Анда “облус түзүп бергиле” деп жазылган эмес.
— Дегеле борбор шаар учурда ички миграцияны көтөрө албай, инфраструктурасы бардык жактан туташ көйгөйгө айланганына кандай пикирдесиз? Айрым эксперттер “баш калаага мындан ары күч келтирүү мүмкүн эмес” деген пикирлерин айтышууда. Калктын ашыкча көптүгүн көтөрө албай бараткан борборду башка аймакка көчүрүү балким учурдун олуттуу талабы болуп жүрбөсүн?
— Асман шаары курулуп калса борбор шаарды ошол жакка көчүрүп, калаанын көйгөйлөрүн акырындап чечсе болот. Аныгында жаңы борбор курууга караганда Бишкектин маселесин чечүү алда канча жеңил.
Калыгул Бейшекеев