— Табылды мырза, жаңы китебиңизди «Скифиялык кыргыздар” деп атышыңыздын себеби эмнеде? Анан да “Канха жана Кангорай Улуу Тураниядагы кыргыз ээликтери” депсиз. Кыргыздын көпчүлүгү эле Канха жана Кангорайды билбесе керек…
— Ооба, чынында эле окурман журтчулугунун дээрлик көпчүлүгү Канха жана Кангорайды билише бербейт. Ошого, мен атайылап китебимди ушундайча атап, окурмандардын эсинде калып калсын дедим. Канха мамлекетинин борбору Сырдарьяда болгон. Башкача айтканда айтылуу Талас чөлкөмүн өзүнө камтыган. Ал эми Кангорай деп Енисей кыргыздарынын өлкөсүн аташкан. Мен бул темага мындан мурда да 2016-жылы кайрылып, «Кангорай кыргыздары» деген илимий макала жазгам. Анда да Кангорай менен Канха кыргыздарга тиешелүү өлкөлөрдөн болуусу мүмкүн деген божомолумду жазгам. Эгер чынын айтсам, бул маселе геосаясий мааниге ээ маселелерден. Мындайча айтканда биз Енисей кыргыздарынын тарыхына көбүрөөк маани берип, элибиздин тарыхын Тянь-Шань менен таза эле байланыштуу карабайт экенбиз. Ошого мен өзүмдүн изилдөөлөрүмдө Тянь-Шань чөлкөмүнүн тегерегинде, ага жакын жайгашкан көчмөн урууларынын тарыхын карап чыгууну көздөгөм.
— Кызык экен, анан изилдөөлөрүңүз уйкаш аттагы Канха жана Кангорайды кыргыз ээликтери деп таанууга алып келдиби?
— Ооба. Бул маселеге адеп 60-жылдары Н.Л.Членова кызыгып, ал 518-519-жылдары тиграхауд сактары перс падышасы Дарийге жеңилип калганда, багынгысы келбеген сактар Минусин ойдуңуна көчүп кеткен деп жазат. Ал бул жыйынтыкка Бес-Шатыр көрүстөндөрүндөгү тиграхауд-сактарына таандык материалдарга таянып келген. Анын айтымында, сактар түштүктөн түндүктү көздөй көчө качышкан жана Минусин ойдуңун жердеп калган. Мындайча айтканда, Н.Л.Членова биринчилерден болуп, Енисей кыргыздары эмне үчүн сактарга окшоп шуштугуй калпак кийип калганын так аныктай алган. «Махабхаратаны» окусак, анда Канха мамлекетинин жеринде канха, тукхар, шака уруулары жашаганын көрүүгө болот. Античный булактарда Енисей чөлкөмүндө асии, аримаспей, тохар, ал эми кытай булуктарында юэчжи (тохар), усунь (асии), синьли (канглы), цзянькунь (кыргыз) уруулары жашаганы айтылат. Бул этнонимдер бири-бири менен окшош жана тыгыз байланышта экенин окумуштуулар буга чейин эле далилдеп келишкен.
— Ошондо, тиграхауд сактары жана аримаспейлер кыргыз болушкан деген тыянакка келип жатасызбы?
— Кытай булактарында кыргыздар Енисейде да, Тянь-Шанда жашаганы эскерилет. И.Бичурин кыргыздарды Байшань тоосуна жакын жайгашкан деп жазат. Ал Байшанды жергиликтүү эл Аргу-Таг деп аташаарын белгилейт. Кашкар тараптагы Байшан тоосуна мүнөздөмө берип жатып, ал өтө көп капчыгайларга ширелген тоо экенин жазат. М.Кашгари да Борбордук Тянь-Шанда Аргу областы жана аргу уруусу болгонун жазат. Ал «аргу» бул капчыгай деп эскерет. Аргу уруусу Чүй – Талас облустарында жашап, Кашкар тарапка көчүп кеткени белгилүү. Бүгүнкү ичкилик кыргыздарында оргу аттуу ири уруу бирикме бар. Демек, Аргу-Таг тоосунун жанында жашаган кыргыздардын ата-бабалары «аргу» же «кыргыз» деп аталып кетиши толук мүмкүн. Себеби, «кыргыз» этноними «кыркыр» же «кыркыз» терминдеринен келип чыгышы мүмкүн. Башкача айтканда «кыргыз» этноними тоолуу жерде, «кыркырда» жашаган эл, же «кыркыз» («кызаа/капчыгай») тоо капчыгайында же «тоо койнунда» жашаган эл деген маанини берген деп болжолдосок болот. Анткени, «капчыгай» алтайлыктардын тилинде «капчал», кыргыз тилинде “капчыгай”, тува тилинде “кошпал”, “кызаа”, “чарык” дегенди түшүндүрөт. Демек, Аргу-Таг тоосунун тегерегиндеги сактарда өздөрүн «кыргыз» деп аташы толук мүмкүн.
— Ошондо Аргу-Таг кыргыздары М.Кашгаринин дооруна чейин Теңир-Тоодо жашаган деп айтсак болот экен да?
— Эң туура. Биздин замандын IV кылымында Аргу-Таг кыргыздары-йегу (кыргыз) юэбань жана канцзюй ээликтери менен кошо эскерилет. Булар Истеми кагандын мамлекетине киришкен. Нушиби уруулар тобун кыргыздар түзгөн. Ага 2 асиги (аз, азык), 2 гешу жана басайган (барсхан) уруулары кирген. Буларды Истеми кагандын кичүү уулу тухсы уруусунун жардамы менен башкарган. 704-жылы аз (асиги) тухсы уруулары бийликти тартып алып, Түргөш каганатын түптөгөн. Кыргыз Улуу Дөөлөтүнүн мезгилинде тухсылар кыргыздардын бир тайпасы менен коңшу экени айтылат. Тагыраагы, бул маалымат нушиби уруулары чыгыштан келген енисейлик кыргыздары менен аралашып кеткендигин билдирет. Кыязы, дал ошол мезгилде булар манихей динине негизделген жаңы отуз оглан тобун түзүшкөн десек болот. Буларды барс кланы жетектеген. Тухсы, аз, отуз оглан, чигил, ягмалар Караханийлер мамлекетин түзүшкөн. Андыктан Караханийлердин санжырасында эскерилген Яфеттин уулу Түрктүн Барсхан деген уулу отуз оглан, тухсы, аз урууларынын ата-бабасы деп айтсак болот. Башкача айтканда, булар Түргөш жана караханийлер каганатын түзүүдө негизги ролду ойношкон. Кийинчерээк, бул топтон кыргыздардын ири уруулары адыгине менен тагай бөлүнүп чыгып, оң канат кыргыздарынын өзөгүн түзгөн деп айтсак болот. Ошого Сейфи Ахсикенди жазып алган кыргыздардын санжырасында адыгине, тагай Отуз огулдун уулу деп айтылып, булар оң канаттын негизги уруктары катары көрсөтүлөт.
— Бүгүн кыргыздардын Улуу Дөөлөтү болгон эмес деген пикирлер айтылып жатат. Сиз бул маселеге кызыгып көрдүңүзбү?
— Енисей кыргыздары 840-жылы Тогуз огуз каганатын ойрон кылгандан кийин, тогуз огуздар кыргыз каганына баш ийип калган. Перс тарыхчысы Гардизинин «Зайн ал Акбар» эмгегинде кыргыз уруу башчысы Эмке бардык огуз урууларын чогултуп, аларды кыргыз деп атап койду деп айтылган. Мындайча айтканда, ошол кезде Енисей кыргыздары менен тогуз огуз уруулары аралашып кетишкен. Кыргыздар Енисейден Орхонго чейинки жерди ээлеп калган. Ошондон улам кыргыздар батышка көчө качкан тогуз огуз уруулары менен чогуу көчүп отуруп Жети-Сууга келишкен. Огуздар менен кыргыздардын Сырдарьяны кечип өтүп кеткен бөлүгү кийин Сельжук мамлекетин түптөгөн, ал эми Жети-Сууда калып калган бөлүгү тухсы, аз, отуз оглан ж.б. уруулары менен ымалада болушуп, кийин Караханийлер мамлекетин орнотушкан. Мындан улам ошол мезгилде тяньшань уруулары өздөрүн жалпы «тюрк» деген атта аташкан, кийин кара кытайлардын экспанциясы учурунда нукура элдик «кыргыз» атын көтөрүп калышкан. Ошого С.Ахсикенди өзүнүн эмгегинде Ибрахим деген имам кара кытайлар менен согушуу максатында кыргыздардын оң жана сол канаттарын түзгөн деп маалымдап жатат. О.Караев Имам Ибрахимди караханийлердин ханы Харундун небереси Ибрахим Ахмед кара каган деп тааныса болот деп жазган.
— К.Петров, А.Мокеевдер тяньшань кыргыздарын кимак-кыпчактардан таратып жазды эле. Анын канчалык чындыгы бар экен?
— «Кыргыз» этноними «кыркыр» же «кыргыз» терминдерине байланыштуу чечмелениши алтай теориясынын кайрадан каралып чыгышын шарттайт. Себеби, «Худуд ал Аалам» эмгегинде кимактарга тиешелүү Каркарахан облусу кыргыздар менен байланыштуу эскерилип, кимактар да «кыркыр» же кыргыз» терминдерине байланыштуу баяндалат. Б.а. кимак-кыпчактарды кыргыздарга жакын тууган урук катары караганыбыз туура болот. Мен бул маселени кийинки эмгектеримде ачууну көздөп жатам. Бул китебимде алтай теориясына бир гана коррективаларды киргиздим. Менин пикиримде түргөштөрдүн бийлиги ойрон болгондон кийин аз, тухсы, чумугун уруулары чыгышка, Ангаралык йирим аздардын жерине жакын көчүп кетишкен. Окумуштуулардын пикиринде чумугун уруусу кийинчирээк ябагу деп аталып кеткен. Бирок, менин пикиримде кимак уруулар союзун чумугун (ябагу) жана аздар түзүшкөн. Кийинчирээк, 840-жылкы окуялардан кийин Алтайга Енисей кыргыздары келет да, булар өз ара аралашып кетишип, алтайлык кыргыздардын өзөгүн түзүшөт. Кара кытайлар күчөгөн мезгилде бул топтон аз-шарийа уруусу кубатка келип, шары уруулар союзун түзөт. М.Кашгари бул тууралуу кыргыз, кыпчак жана ябагу уруулар кара кытайларга каршы союз түзгөн деп эскерет. Айрым окумуштуулар шарылар кыпчак союзун жетектеп батышка жылганын жазышат. Шары уруулар союзу адеп Алтайдан Таласка, анан андан ары батышты карай бет алышат. М.Кашгаринин бул маалыматы «Манас» эпосундагы кыргыздар кыпчак жана башка алтайлык урууларын бириктирип, кара кытайларга каршы күрөшкөндүгү жөнүндөгү сюжет далилдеп турат. Тактап айтсак, шарыларды М.Кашгаринин кыргыздары деп карасак болот. Ошондуктан, бүгүн сол канаттын негизги урууларынын ичинде шары менен каракытайлардын тукумдары саруу жана кытай уруулары байкалууда.
Айтмакчы, Шабангари өз эмгегинде Или өрөөнүн жердеген ягмалардын жанында сарык (шары) уруусу жашап жатканын эскерет. Бул доордо караханийлер мамлекетин Харун кара хандын уулу Ахмед хан жана анын небереси Ибрахим бийлеген. Харун кадимки Ж.Баласагын өзүнүн «Кутадгу билик» поэмасын арнап жазган караханийлердин ханы болгон. Анын уулу Ахмед 1128-жылы чоң аскер топтоп Кашкар багытында жүрүш жасап келаткан кара кытайлардын аскерин тыптыйпыл кылып талкалап, качууга аргасыз кылган. Анын уулу Ибрахим өзүнүн бийлигин кара кытайлардын гурханына өз ыктыяры менен өткөрүп берген караханийлердин ханы болгон. Кара кытайлар аны өлтүрбөстөн, аны мусулман аскерлеринин башчысы кылып дайындап, «илек-түркмөн» титулун ыйгарышкан. Бирок, бул аскерлерди анын атасы түзүп, жетектеген. Демек, кыргыздан оң жана сол канатын Ахмед хан түзгөн, ал эми анын уулу Ибрахим «илек түркмөн» титулунда бул аскерди көп жылдар бою жетектегендиктен, санжырага анын аты кирип калган. Башкача айтканда, «Манас» эпосундагы негизги каарман Манастын образы жогорудагы үч каганга байланыштуу калыптанган десек болчудай. Б.а. бул Манастын прототиби боло алышат. Жыйынтыктасак, кыргыз эли этнос болуп алда канча эрте калыптанган. Менин пикиримде, кыргыздар VIII-XI кылымдарда Саян-Алтай жана Тянь-Шань урууларынын негизинде этнос болуп калыптанган. IX-XI кк. Кыргыздар Енисейдеги Кыргыз каганаты, Алтайдагы Кимак (алтай кыргыздары) жана Тянь-Шандагы Караханийлер (тяньшань кыргыздары) каганаттарынын алдыңкы этностук топтомун түзүшкөн. Каракытай жана монголдор доорунда кыргыздар акырындык менен батышка жыла башташкан. Ошондуктан, монголдор доорундагы Анга-Төрө жана Мукамбет-Кыргыз мезгилин кыргыз урууларынын Теңир-Тоодогу консолидациялык этаптары деп карасак туура болот деген пикирдемин. Кыскасы, менин пикирим боюнча, кыргыздардын бир бөлүгү тээ байыркы доордон бери эле Тянь-Шанды мекендеп келген.
Зулпукаар САПАНОВ